Суу жонундо

Бул бетте суу жонундо макалдар чыгарылды.

suu jonundo makal opt 1
  1. Агын суу Арам болбойт.
  2. Агын сууда арам жок.
  3. Адам даңк үчүн от менен сууга кирет.
  4. Адам кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат. Адам карыган сайын бала.
  5. Аккан арыктан суу агат.
  6. Аккан суу арык табат.
  7. Аккан сууда арам жок.
  8. Бай — байга куят, суу — сайга куят.
  9. Бала суу төксө, андан чоң тайып жыгылар.
  10. Балыктын өмүрү сууда.
  11. Балыкты сууга салып коркутпа.
  12. Балыктын тиричилиги суу менен.
  13. Билген суу ичет, билбеген уу ичет.
  14. Билим — элге, суу — жерге.
  15. Бир киши арык казса, миң киши суу ичет.
  16. Бир кишинин арыгы, миң кишиге суу берет.
  17. Бир тамчы суу — кумурскага дарыя көрүнөт.
  18. Бирөө кечээрге кечүү таппай жүрсө, бирөө ичээрге суу таппай жүрөт.
  19. Бирөөнүн (жамандын) өзү (өңү) суук, бирөөнүн (өзүнөн да) сөзү суук.
  20. Бирөөнүн ажалы оттон, бирөөнүн ажалы топтон, бирөөнүн ажалы уудан, бирөөнүн ажалы суудан.
  21. Бөрү сууну шалпылдатып, кой кечкен суу экен дептир.
  22. Дарыянын суусун жаан ташкындатат.
  23. Жети күндүк жаандан, желип өткөн суу жакшы.
  24. Жокко суу да жок.
  25. Ишенген кожоң сууга акса, алды- алдынан тал карма.
  26. Кайгысы жок кара сууга семирет.
  27. Калптын сөзү суу кечпейт.
  28. Конок койдон жоош, май берсе жейт, суу берсе ичет.
  29. Көрөөр күнү бардын, ичеер суусу болот.
  30. Күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичет
  31. Күчтүү болсоң жердей бол — баарын чыдап көтөргөн. Таза болсоң суудай бол — баарын жууп кетирген.
  32. Кылгылыкты кылып коюп, кымызга сууну куюп коюп, кыл жип менен бууп коюп.
  33. Отун — олжо, суу — кордук.
  34. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет.
  35. Сиркеси суу көтөрбөйт.
  36. Сөздү уккан жерге айт, сууну сиңген жерге сеп.
  37. Сөөктүн эң жаманы суу кечирет.
  38. Суу — жашоонун булагы.
  39. Суу ичкен кудугуңа — түкүрбө.
  40. Суудан өткөнчө энемди берейин, суудан өткөндөн кийин эмнемди берейин.
  41. Сууну көп кечсең — балчык, сөздү көп айтсаң — тантык.
  42. Суу — жерге, илим (билим, байлык)— элге.
  43. Суу — адамдын жаны, өсүмдүк — каны.
  44. Суу аккан арык жашаңча. (Суу жүргөн өзөн кургабайт).
  45. Суу атасы — булак, сөз атасы — кулак, суу атасы — булак.
  46. Суу бар жерде жашоо бар.
  47. Суу бар жерде тиричилик бар.
  48. Суу башынан тунат.
  49. Суу бойдун кирин кетирет, ойдун кирин кетирбейт.
  50. Суу да алла тааланын колунан бүткөн.
  51. Суу да катуу жерге токтойт.
  52. Суу — жерге, байлык — элге.
  53. Суу жүргөн өзөн кургабайт.
  54. Суу жок арыктан кол жууй албайсың.
  55. Суу жээгинен кудук казбайт.
  56. Суу өз тереңин табат.
  57. Суу канык— эгиндин даны толук.
  58. Суу кетсе таш калат, сурма кетсе каш калат.
  59. Суу кечпей, кепичиңди чечпе.
  60. Суу кечпес сөздү айтпаган жакшы.
  61. Суу кечпеген сөздүн кереги не.
  62. Суу менен жер көгөрөт, эл менен эр көгөрөт.
  63. Суу менен келген — жел менен кетет.
  64. Суу менен ойнобо — чөгөсүң, от менен ойнобо — күйөсүң.
  65. Суу менен ойнобо, жай күнүнө ишенбе.
  66. Суу мол болсо, нан да мол.
  67. Суу сыйлаган зор болот, суу кордогон кор болот.
  68. Суу ташыса — жээгине, эр ташыса — элине.
  69. Суу ылдый агат, баатыр өр талашат.
  70. Суу ылдый агып, суу өйдө чыкмайын адам кагылбайт.
  71. Суу эркиндикти сүйөт.
  72. Сууга жакын — кудайга жакын.
  73. Сууга чөккөн адам өлөт, кайгыга чөккөн адам көнөт.
  74. Суудан алып, сууга куйду — бозочунун неси кетти?
  75. Суудан сээп бышырган кийиз суудан да, сууктан да сактайт.
  76. Суудан тонун аябаган, жоодон жанын аябас.
  77. Сууну жер бөгөйт, жоону эр бөгөйт.
  78. Сууну чым токтотот, сөздү чын токтотот.
  79. Суунуку — сууга, сайдыкы — сайга.
  80. Суунун — ийрими жаман, карынын — ырымы жаман.
  81. Суунун жайын жар билбейт, жоктун жайын бар билбейт.
  82. Суунун жакыны, төркүндүн алысы жакшы.
  83. Суусаганга кара суу майдан жакшы.
  84. Суусаганга суу да таттуу көрүнөт.
  85. Суусасаң суудан таттуу жок.
  86. Таза болсоң — суудай бол, баарын жууп кетирген.
  87. Тамчы суудан тал көгөрөт.
  88. Ташкын суу кечүүсүз болбойт.
  89. Ташты ташка урганың менен таңдайыңа тамызаарга суу чыкпайт.
  90. Темирдин курчунан эмес, сугарган суусунан.
  91. Түшүң жаман болсо сууга жорут.
  92. Толкунсуз суу болбойт, кайгысыз эл болбойг.
  93. Тоо арасын суу бузат, эл арасын чуу бузат.
  94. Тоону, ташты суу бузат, адамзатты сөз бузат.
  95. Тунук суу кысыктан жол табат.
  96. Туулган жердин суусу — мүрөк, кызы — чүрөк.
  97. Туулган жердин топурагы – алтын, суусу — мүрөк.
  98. Туулган жердин ташы алтын, суусу дары.
  99. Угар жерде — сөз айт, сиңер жерге — суу төк.
  100. Улак маарап суу кечет.
  101. Улуу — кичүүнүн кадырын билемин десең, агыны катуу суудан кеч, ашуусу бийик тоодон аш.
  102. Уурунуку уу менен чууга кетет, жегичтики суудан сууга кетет.
  103. Уурунун бир көзү ууда, балыкчынын бир буту сууда.
  104. Чай болуп төргө өткөн суу бир кезде арыкта акканын унутпаса.
  105. Чөлдүн көркү —суу, көлдүн көркү — куу.
  106. Чын жакшыга жолуксаң, суу ордуна бал берер,
  107. Чындык отко күйбөйт, сууга чөкпөйт.
  108. Шакылдаган катынды — кыз бергенде көрөрмүн, бакылдаган текени — суу кечкенде көрөрмүн.
  109. Ыйлап жүрүп арык чапкап, ырдап жүрүп суу сугарат.
  110. Ылай суу — оору булагы.
  111. Ысык суу да бир кезде муздак болгонун унутпайт.
  112. Эжелүү кызга — тон кайда, эчкилүү койго — суу кайда.
  113. Эки жакшы баш кошсо — тунук суудай, эки жаман баш кошсо — ылай суудай.
  114. Эки кеменин башын кармаган сууга кетет.
  115. Эл башы болгуча, суу башы бол.
  116. Эл башы болгуча, суу башы бол.
  117. Эр — элден, балык — суудан.
  118. Эр башына күн түшсө өтүк менен суу кечет, ат башына күн түшсө ооздук менен суу ичет.
  119. Бай байга куят, суу сайга куят
  120. Балалыктын өмүрү сууда
  121. Балыкты сууга салып коркутпа.
  122. Билген суу ичет, билбеген уу ичет
  123. Даам таткан жериңе какырба, суу ичкен кудугуңа түкүрбө.
  124. Дарыя сууда балык бар, биз укпаган калык бар
  125. Душманың суу берсе, досундай көр
  126. Жай аккан суудан жаа бою кач.
  127. Жакшы сөз — суу, жаман сөз — уу
  128. Жаманга сый көрсөтпө, уйга суу көрсөтпө.
  129. Жапыз да болсо тоом бар, тайыз да болсо суум бар.
  130. Жар жыгылса суу бөгөйт, жалгыз өлсө ким жөлөйт
  131. Жармаңа ченеп суу куй, жылкыңа ченеп ышкыр
  132. Жер азыгы — суу.
  133. Жер — казына, суу— алтын.
  134. Жети күндүк жаандан желип өткөн суу артык.
  135. Жети күндүк жаандан, желип өткөн суу жакшы
  136. Жокко суу да жок, алып ичер идиш да жок.
  137. Жокко суу да жок.
  138. Жокко туз да жок.
  139. Жол атасы — туяк, сөз атасы — кулак, суу атасы — булак.
  140. Илим—элге, суу — жерге.
  141. Ичер суусу түгөнгөн киши өлөт
  142. Кайгысы жок кара сууга семирет, катыны жок кыздуу үйгө (кээде караңгы үйгө) теминет
  143. Кайгысы жок кара сууга семирет.
  144. Кар эрисе суу болот, кан белгиси туу болот. Кар эрисе суу болот, карыса сакал куу болот.
  145. Кара сууда каймак жок — муз болбосо, кой этинин даамы жок — туз болбосо.
  146. Касыңдан бал жегенче, досундан суу ич.
  147. Киргил суу башынан тунат
  148. Кечүүсү болбой суу болбойт, ашуусу болбой тоо болбойт.
  149. Күн жаабаса жер гүлдөбөйт, кумга тиккен жыгач бүрдөбөйт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

20 − 11 =