КЫРГЫЗДЫН ТЫЮУ ЫРЫМДАРЫ

kyrgyzdin tyiuu yrym jyrymdary opt

КЫРГЫЗДЫН ТЫЮУ ЫРЫМДАРЫ

Ата энендин астын бөгөп жолун тоспо.

Адамды колуң менен санаба.

Аксакалдын жолунан кыя кесип өтпө.

Адамды айланып жүгүрбө.

Адамдын үстүнөн аттаба.

Ата-энеңдин төшөгүн тебелебе.

Ай менен күндү карап заара кылба.

Адамды каратып мылтык мээлебе.

Адамга бычак кесебе же кишиге бычак менен тап бербе

Адамдарга арканды салып тескери карап олтурба.

Акты жерге төкпө.

Акчаны караңгыда колуң менен бербе.

Айт күнү кир жууба.

Айды сөөмөйүң менен сайып көрсөтпө.

Айрынын башын асманды каратып койбо.

Арканды аттаба.

Аял киши эркектин жолун торобош керек. Аялды караңгыда сууга жибербе.

Аягыңды асманга чыгарып жатпа.

Аккууну атпа.

Атка тескери карап минбе.

Аттын жүгөнүн аттаба.

Аттын оозун силкпе.

Аш куюлган аякты сол колуң менен сунба.

Ант суу ичпе.

Балтаны баскан жолго таштаба.

Бакандын үстүнөн аттаба.

Баласы жок бешикти терметпе.

Балдарың жаткан бешикти башкага сатпа.

Балапанды өлтүрбө.

Балтаны аттаба.

Башыңды чайкаба.

Баш кийимди босогого илбе.

Баш кийимди оюнчук кылба.

Баш кийимиңди башкага белек кылба.

Баш кийимиңди тебелендиге калтырба.

Баш кийимиңди тескери каратып кийбе.

Башты аялга мулжутпе.

Байгеге чабыла турган күлүктү аялга мингизбе.

Бетинди колун менен баспа.

Бешикти ачык калтырба.

Бешикти ар кимге бербе.

Бышып турган ашты таштап кетпе.

Бычакты оозуңа салба.

Бычакты мизинен кармаба.

Бычактын мизин өйдө каратып чалкасынан койбо.

Бычак менен күйүп жаткан отту кезебе.

Бычакты отко салба.

Бычактын мизин жалаба.

Бычак менен сайып этти казандан чыгарба.

Беймаал жаман жорону баштап ыйлаба.

Бейитти колуң менен көргөзбө.

Бейиттин топурагын жаңыртпа.

Биринчи тапкан олжоңду бирөөгө карыз бербе.

Бутунду жип менен тушаба.

Бут кийимди терге чыгарба.

Бут кийимди төңкөрүп калтырба.

Бүрдөп турган бакты кыркпа.

Бүлүнгөндөн бүчүр алба.

Бүркүттү шыйракка чаппа.

Босогону баштанып жатпа.

Босогону эки колун менен кулачтаба.

Босогого олтурба.

Босогого сүйенбе.

Босогодо турба.

Босогону бутун менен баспа.

Бөйрөгүндү таянба.

Жакшынын жашын сураба,

Жаңы байыгандан карыз сураба.

Жаш келин күйөөсүнөн мурун төшөккө жатууга

Жаш жубайлардын төшөгүнө жатпа.

Жакын адамыңа бычак тартуу кылба.

Жалгыз жыгачты кеспе.

Жамандыкка барсан жакшы көргөн кишиндин

үйүнө кайры.

Жаңы чыгып келаткан эгинди тепсебе.

Жалы менен атты камчылаба.

Жаш малдын тишин санаба.

Жер таянып олтуруп тамак жебе.

Жөө камчыланба.

Жортуулдан кайткан күнү аялыңа жолобо.

Жылдыз санаба.

Жылаңач денеңди жылдызга көрсетпе.

Жылкыны башка чаппа.

Жугундуну аккан сууга текпе.

Жуунбай туруп эртең менен наар ооз тийбе.

Жүрөөр жолуңдун убактысын кесе айтпа.

Дасторконду жайылган бойдон түн ичинде калтырба.

Дасторкондун үстүн бутуң менен баспа.

Дасторкон үстүндө оозуңду ачып чүчкүрбө.

Дасторконду аттаба.

Далынын кечирин жебе – тагандан ажырайсың.

Далынын сөөгүн тили чыга элек балага керсетпе.

Дасторкондун үстүн кагаз менен аарчыба.

Дасторконду караңгыда кагып силкибе.

Идишти теппе.

Итти бутуң менен теппе.

Итке уйде колдонгон сузгу менен тамак куйба.

Иттин үнү угулган жерге үйүңө жетпей жатып калба.

Маңканы, дүлөйдү, сокурду туураба.

Мунжуну карап мулжундап шылдыңдаба.

Караңгыда акты аякка куюп сыртка чыгарба.

Караңгыда жылаң баш сыртка чыкпа.

Караңгыда чычаланы оттон алып чыгып

жаркылдатып булгалаба.

Караңгыда чач алдырба.

Кар жиликти чакпа.

Караңгыда карызга бербе.

Караңгыда кийиз күбүбө.

Караңгыда басырык жерге барба.

Калп айтып карангыда чач алдырба.

Кар жиликти чакпа.

Караңгыда карызга бербе.

Калп айтып карганба.

Калп эле кара күчкө ыйлаба.

Казанды көңтөрүп калтырба.

Кемчилиги бар майыпты туураба.

Кесир кылып сүйлөбө.

Кесик кесе менен оокат ичпе.

Кыз кишинин төшөгүн бутуң менен баспа.

Кыбыланы карап даарат сындырба.

Койдун үстүнөн аттаба.

Кумурсканын уюгун бузба.

Куру казанга от жакпа.

Куранды жерге таштаба.

Курандын үстүнө олтурба.

Күл төккөн таштандыны тебелебе.

Кул төккөн жерге күүгүмдөн кийин жолобо.

Күүгүм киргенден кийин күл чыгарба.

Кишини карап оозуңду чоң ачып эстебе.

Кишинин кемчилигин айтып келекелебе.

Кишинин мойнуна жип салып ойнобо.

Кишини сөөмөйүң менен көрсетпе.

Кийиминдин жакасын тепсетпе.

Кийиминди желбегей жамынба.

Конокту көргөзүп колуң менен санаба.

Колуң менен оозунде кербе.

Колунду желкеңе койбо.

Колунду силкпе.

Колунду жуубай табакка кол салба.

Колунду тобоно влып жатва,

Колундун манжаларын кайчылаштырба.

Колунду оозуна салба,

Сурунду мойнуңа салба,

Күн чыкпай күл токпо,

Кун батаарда жатпа.

кулду чачпа.

Күн батканда шыпырындыны талаага чыгарба.

Кунду карал даарат ушатпа.

Кыздын тошогуно олтурба.

Кызга кызыл өңгөч жедирбе,

Кымызды жерге төкпө.

Кызарып күйгөн чычаланы караңгыда булгаба.

Малды чыбыгы жок колуң менен чаап айдаба.

Малды бычак менен зекибе.

Малды теппе.

Малдын жаңы мүлкүнгөн башын караңгыда ыргытпа.

Малды каратып даарат сындырба.

Малды каратып мал сойбо.

Мышыкты кармалаба.

Нанды бир кол менен сындырба.

Нанды тескери каратып көмкөрүп койбо.

Нанды баспа.

Нанды ыргытып таштаба.

Нандын үстүнөн башка нерсени бастырба.

Суу ичкен кудугуна түкүрбө.

Сууга сийбе.

Сөөк менен сөөктү уруп чакпа.

Сүттү жерге текпе.

Тамакты үйлөп ичпе.

Табакты тегеретип ойнобо.

Таңкы тамакты таптакыр таштаба.

Тамак-аштын устун карангыда ачык калтырба.

Тандайынды такылдатпа.

Таманынды колуң менен тартпа.

Тасмалды бычак менен кырба.

Таяк таянба – атаңдан ажырайсың.

Тасмалды баспа.

Тасмалды аттаба.

Тишиңди кычыратпа.

Тизенди кучактаба.

Тырмагынды тиштебе.

Тырмакты казан-аяк турган жерге алба.

Төрөлө элек балага ат койбо.

Төрдө отуруп тескери карап кишиге далынды салба.

Төбөңө колуңду алба.

Тузду тебелебе.

Тузга сийбе.

Түн ичинде чач тараба.

Түн ичинде түш жоруба.

Түндө кир жайба.

Түнде күзгүге каранба.

Түндө суу куюлган идишти ачык калтырба.

Тунде чач алба.

Түндө тырмак алба.

Түнде үй шыпырба.

Тун ичинде үйүңдөн от бербе.

Үйдү айланып чуркаба.

Үйге жүгүрүп кирбе.

Үйдүн үстүн чапкылап сабаба.

Үйгө аркан менен кирбе.

Үйүңө киргенге үшкүрүнүп караба.

Үйдүн ичинде жүргөндө ышкырба.

Үй ээсинен мурда наар ооз тийбе.

Үй ичине даарат сындырба.

Үйүңдүн эшигин күн батышты каратып тикпе.

Үй ичиндеги шыпырындыны түн ичинде сыртка тек

Үйгө кирген жыланды өлтүрбө, ак чачып акырын айдап чык.

Улуу кишиден озунуп тамак ооз тийбе.

Укурукту аттаба.

Оорулуунун ахывалын кеч киргенде сураба.

Очокту аттаба.

Отту теппе.

Отко түкүрбө.

Отунду күйүп жаткан кемегенин жанына жарба.

Отко сийбе.

Очокту айланып жүгүрбө.

Ооз омуртканы тиш тийгизип мүлжүбө.

Мойнуңа жипти салып ойнобо.

Мүрзөнүн үстүн тебелебе.

Мүрзөдө күрөктү бирөөнүн колунан алба.

Экинчи кишиге күрөктү колуң менен бербе.

Өлгөн адамга топурак салганда күрөктү баспа.

Өле электе кишиге жай даярдап көр казба.

Өңгөгө өлүм тилегенче өзүңө өмүр тиле.

Өрттөнгөн жерден өзүңө эч нерсе алба.

Чачыңды жулба,

Чачты тепсебе.

Чачыңды жайып журбе.

Чемүч менен балага тап бербе.

Шамалдын багытына каршы даарат ушатпа.

Шыпыргы менен баланы урба.

Шыпыргыны башындан жогору көтөрбө.

Шыпыргыны төргө жөлөбө,

Шыпыргынын башын жогору каратып койбо.

Шымды жазданып жатпа.

Шилиңди тартпа.

Эртең мененки муштумдан кайтпа.

Эркектин үстүнөн аттаба.

Эски шыпыргыны отко жакпа. Эшикти бутуң менен тээп ачпа.

Эшикти кучактаба.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

четыре × четыре =