Ат жонундо

at jonundo makal opt
  1. Ага —тууган ынтымактуу болсо ат көп, абысындар ынтымактуу болсо аш көп.
  2. Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон.
  3. Адам жүрүшүнөн — кул болот, ат жүрүшүнөн — пул болот.
  4. Адам өлсө даңкы калат, ат өлсө териси калат.
  5. Адамдан улуу ат жок, нандан улуу аш жок.
  6. Адашсаң атыңа ишен.
  7. Ак көңүлдүн аты арыбайт, тону тозбойт
  8. Ат — мингендики, тон — кийгендики, аял — тийгендики, эр — элдики
  9. Ат адамдын канаты
  10. Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат
  11. Ат аяган арыбайт, аш аяган жарыбайт
  12. Ат баспаган жерди тай басат
  13. Ат баспайм деген жерин үч басат
  14. Ат башына күн түшсө ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет
  15. Ат жалына казан ас
  16. Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт
  17. Ат оонаган жерде түк калат, айран төгүлгөн жерде жук калат
  18. Ат сактаган ат минет, тон сактаган тон киет
  19. Ат сийген жерге чөп чыкпайт
  20. Ат тойгон жерине качат, эр туулган жерине шашат
  21. Ат чабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт
  22. Ашуудан ат алмаштырбайт
  23. Байды кудай урарда — байталын сатып ат кылат, жакшыны кудай урарда — жакынын сатып жаткылат.
  24. Басмайылдын батканын ээси билбей ат билет, эр жигиттин кадырын агайын билбей жат билет.
  25. Басыгын бузган ат аксайт, алкымын бузган эр аксайт.
  26. Бирөөнүн ат көтөргүс бөзү бар, бирөөнүн ат көтөргүс сөзү бар.
  27. Бирөөнүн ат көтөргүс даңкы бар, миңге бергис баркы бар.
  28. Бозмаштуу жерде бото өлбөйт, аңыздуу жерде ат өлбөйт.
  29. Желеде кулун жетилсе, аргымак күлүк ат болот
  30. Сокур атка котур ат үйүр
  31. Тартып ичкен тай ашырат, аяп ичкен ат ашырат
  32. Чапчаң ат арышын таштайт, баары бир күлүктөн ашпайт
  33. Эр башына күн түшсө өтүк менен суу кечет, ат башына күн түшсө ооздук менен суу ичет
  34. Эшек минген ат сурабайт, балык жеген эт сурабайт

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

восемь − 3 =