Макал

  • Эбин тапкан эки жейт
  • Эгин эгип мал бакпаган, эптеп-септеп жан сактаган
  • Эжем эрге тийди, эскиси мага тийди
  • Эки доо бир келсе амалыңдын кеткени, Эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени
  • Эки жакшы коңшу болсо, кудалашып түшөт, Эки жаман коңшу болсо, кубалашып түшөт
  • Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт
  • Эки нар жөөлөшсө, ортосунда кара чымын кырылат
  • Эки текем бир букача жок бекен
  • Эки тизгин бир чылбыр эптүү киши колунда
  • Эки тоо кошулбайт, эки эл кошулат
  • Эки тоонун чөбүн самаган кийик ач калат
  • Эл – көл, элди билбес чөл
  • Эл – эне, жер – ата
  • Эл байынан жер байы артык
  • Эл башына түшкөн күн, эр башына түшкөн түн
  • Эл дарбыса, эшек кошо дарбыйт
  • Эл деген Эл, аста бассаң аксак, тез бассаң таскак дейт
  • Эл ичи – алтын бешик
  • Эл ичи – өнөр кенчи
  • Эл мазар, элден безген – азар
  • Эл оозунда элек жок
  • Эл сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас жылкы болбос
  • Элге берген куруттан, мага бербей куруттуң
  • Элге бергениң текке кетпейт
  • Элге кийим тиккен ийненин өзү жылаңач
  • Элге кылган жакшылык жерде калбайт
  • Элге эл кошулган – дөөлөт, элден эл бөлүнгөн – мээнет
  • Элдин иши эрдин мойнунда, эрдин иши элдин мойнунда
  • Элдин кичиги болгуча иттин күчүгү бол
  • Элдин эки тиреги бар, биринчиси – акылман, экинчиси – баатыр
  • Элин коргоп жоо сайган – баатыр атка конот
  • Элиңди жаман көрсөң элге кан тип батасың, Жериңди жаман көрсөң көргө кантип батасың
  • Элчиге өлүм жок
  • Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны татту
  • Эмгекчилдин оозу … Тиер, бекерчинин оозу…тиер
  • Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт, Эне тилин сүйбөгөн, эси жогун аныктайт
  • Энеси болушчаактын баласы ыйлаак болот
  • Энесин Үч-Коргондон таанытам
  • Эң ачуу да тил, эң таттуу да тил
  • Эңкейгенге эңкейгин башың жерге тийгенче, какайганга какайгын – төбөң көккө жеткенче
  • Эр ачтан өлбөйт, ардан өлөт
  • Эр башына күн түшсө өтүк менен суу кечет, ат башына күн түшсө ооздук менен суу ичет
  • Эр болсоң көк бол, айткан сөзгө бек бол
  • Эр достугу – эгиз, эл достугу – деңиз
  • Эр жигит күрөшпөгүн балбан менен, балбанды жыга албайсың чалган менен
  • Эр жигит менен бөрү азыгы – жолдо
  • Эр жигит эл четинде, жоо бетинде
  • Эр жигиттин башына нелер келип, нелер кетпейт
  • Эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк
  • Эр намысы – эл намысы
  • Эр ортону – элүү
  • Эр чекишпей бекишпейт
  • Эр эмгегин жер жебейт
  • Эрден ашмак бар, элден ашмак жок
  • Эрдигиң бар, эсиң жок
  • Эрдик билекте эмес, жүрөктө
  • Эрдик кылып кой сойсоң, иттик кылып төш тартпа
  • Эрди-катын урушат, эси кеткен болушат
  • Эрдин өзүн көрбө, даңкын ук
  • Эрегиштен эр өлөт
  • Эришине жараша – аркагы, эшегине жараша – тушагы
  • Эркек бала шок болсун, шок болбосо жок болсун
  • Эркек болбосо, үй жетимсирейт
  • Эркектин кой сойгону, аялдын сайма сайганы менен тең
  • Эркенин жашы кургабайт
  • Эрте жатып, кеч турган эринчээктин белгиси
  • Эрте турган – сергек, ырыскыга – теңдеш
  • Эртеңки куйруктан бүгүнкү өпкө артык
  • Эсеп билбес – чот билбес, жыйганынан айрылат
  • Эсеп, эсеп билбеген – эшек
  • Эсеп-чоттун тагы жакшы, эмгегиңдин агы жакшы
  • Эсери болбой эл болбойт
  • Эсиң барда – этегиңди жап
  • Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт үч улак
  • Эски – жаңыга аралжы, аз – көпкө аралжы
  • Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос кадырга жетпейт
  • Эски көч кайда барса, жаңы көч ошого барат
  • Эскини жаңыртпа, жаңыны эскиртпе
  • Эскини эптей кий, жаңыны сактай кий
  • Эстүүгө эки ооз сөз жетет
  • Эт – этке, шорпо – бетке
  • Эт жебесем таш жейин, этегиң жапчы кудагый
  • Эт жеген да ууру, сорпо ичкен да ууру
  • Эти тургай табагыңды таап ал
  • Эттен өткөн таяктан, сөөктөн өткөн сөз жаман
  • Эчки тууй албай жатып, койго аначы болуптур
  • Эшегине жараша чому, төөсүнө жараша кому
  • Эшек минген ат сурабайт, балык жеген эт сурабайт
  • Эшекти көп урсаң, сырыңды билип алат
  • Эшекти отко айдаса, бокко качат
  • Эшектин жүгү жеңил болсо, жаталак болот
  • Эшектин күчү – адал, сүтү – арам
  • Эшигин көрүп төргө өт, энесин көрүп кызын ал
  • Эшикке чыксам эчки каапыр тебелейт, үйгө кирсем кайын энем каапыр жемелейт
  • Эшиктен келип төр меники дейт
  • Ээси келсе бээсин бер
  • Ээсин сыйласаң итине сөөк сал

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3 + четыре =