Бул бетте куз жонундо макалдар чыгарылды.
- Балапандарды күзүндө санайт.
- Жаз — жарыш, күз — күрөш.
- Жазгы муздун жабыктайынан кач, күзгү муздун күзгүдөйүнөн кач.
- Жазгы мээнет — күзгү ыракат,
- Жазда магдырасаң, күздө жалдырайсың, кышта дабдырайсың.
- Жаздын аракети, күздүн берекети.
- Жөжөнү күзүндө санайт.
- Күз — талаш маалы.
- Күзгү күчүңдү күйөөңө бербе, жазгы күчүңдү атаңды өлтүргөндөн да аяба.
- Күзгү муздун күзгүдөйүнөн качпа, жазгы муздун жабыктайынан кач.
- Күзүндө үркүп калат, жазында илкип калат.
- Күзүндө чыгынбаган, кышында жылынбайт
- Кыргыек келбей күз болбойт, кыямга келбей иш болбойт.
- Кышта көрсөң камылга, келерки күздө табылга.
- Малдын төлүн күзүндө сана.
- Эрте жазда куймак жеген, кеч күздө ээрдин тиштейт.
- Айдагың келсе эгин, күздүн камын жазында жегин, жаздын камын кышында жегин.