Бул бетте адеп, уят, абийир жонундо 80 макал чыгарылды.
- Адам көркү — адеп.
- Адамдын көркү — адилеттүүлүктө, жигиттин көркү — адептүүлүктө.
- Адеби жок жигит — жүгөнү жок атка окшош.
- Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош,
- Адеби жок аял кабанаак итке окшош.
- Адеби жоктун аты —жөнүн сураба.
- Адеби жоктун, уяты жок.
- Адепсиз бала — таманга жабышкан чыла.
- Адепсизден алыс кач.
- Адепсизден да адептүүлүктү үйрөн.
- Адептүү — алкыш алат, адепсиз — каргыш алат.
- Адептүү бала — абийир, адепсиз бала — жабыр.
- Адептүү жигит азаптан алыс болот.
- Адептүү киши — азаптан алыс.
- Адептүүлүк— адамдын көркү.
- Ата кебин эшиткен уул адеп тутат.
- Уулуңду адепке сөз менен эмес, өрнөк менен (өрнөктүү иш менен) үйрөт.
- Ынанымы жоктун адеби жок.
- Адамдын башкы милдети — ыймандуулук.
- Картаңдан ыйман кетсе, жаштардан уят кетет.
- Катының жаман болсо мейманың кетер, уулуң жаман болсо ыйманың кетер.
- Молдо менен жүрсөң ыйманың озор, араба менен жүрсөң, ыйманың тозор.
- Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок.
- Ыйман турар токтуктан, ыйман качар жоктуктан.
- Ыймандуу уул болбосо, баланын баласына кор экен.
- Ыйманы бар боз бала күйүп турган чырактай, ыйманы жок боз бала, жакын да болсо ыраактай.
- Ырайына жараша ыйманы.
- Эрден ыйман качып кутулбайт.
- Ак ниет болсоң — жетерсиң муратка, арамдык кылсаң — каларсың уятка.
- Бай малын жейт, кедей жанын жейт, уятсыз арын жейт.
- Байлык — мурат эмес, жоктук — уят эмес.
- Бар барын жейт, уятсыз арын жейт.
- Бардын малын чачам, жоктун уятын ачам.
- Билбеген — уят эмес, билгиси келбеген — уят.
- Бирди жеп уятың чыкканча, миңди жеп атың чыксын.
- Жакшы менен жүрсөң — жетесиң муратка, жаман менен жүрсөң — каласың уятка.
- Жакшынын жаты болбойт, жамандын уяты болбойт.
- Жардылык уят эмес, байлык мурас эмес.
- Кайнене айбаттуу болсо, келини уяттуу болот.
- Калк кадырына жетүү кымбат, урмат — сыйдан ажыроо — уят.
- Камчы кайраттуу болсо, катын уяттуу болот.
- Кандын өлүмү — эли терс караганы, алптын өлүмү — эл алдында уятка калганы.
- Карыганда — көздүн кубаты кетсе, мас болгондо — сөздүн уяты кетет.
- Кыз уяты — тартуу, ат уяты — сатуу,
- Мыйзамды аткарсаң жетээрсиң муратка, болбосо каларсың уятка.
- Осурактын уяты жок, аз гана бетке чиркөөсү бар.
- Өзүнүн уяты жоктун, сөзүнүн туруму жок.
- Саламсыз кирген уят, жоопсуз чыккан уят.
- Сураган уят эмес, уурдаган уят.
- Улуу сөздө уят жок.
- Уулдан уят кетсе, келинден келбет кетет.
- Уулду төрөйт — уятын кошо төрөбөйт, кызды төрөйт — кыялын кошо төрөбөйт.
- Уясы жок күкүк болот, уяты жок түксүз болот.
- Уят — өлүмдөн катуу.
- Уят — уяттуу үчүн.
- Уят өзүнчө бир уруу журт.
- Уят өлүмдөн катуу экени кийин билинет, бирок анда кеч болуп калат.
- Уят өлүмдөн күчтүү.
- Уятсыз дыйкан — жерсирээк, уятсыз катын — эрсирээк.
- Уятсыз жигит— жүгөнү жок атка окшош.
- Уятсыз уул — урматсыз жээн болор.
- Уяты жоктун бети калың.
- Уяты жоктун колуна кашык тийсе, беш ууртайт.
- Эркек үндүү аялдын уяты жок, катын үндүү эркектин кубаты жок.
- Акмакты сыйласаң, абийириңди төгөт.
- Алганың жаман болгон соң, абийириң кайдан жабылат.
- Абийири мүлдө төгүлсө, эл караган оңоорбу!
- Арактын кулу болгонуң, абийириңден куру болгонуң.
- Ата сыйлаган абийир табат.
- Атаны сыйлаган абийир табат, энени сыйлаган элге жагат.
- Аттан айрылсаң да, абийирден айрылба.
- Бир ооз сөз абийир каралайт, бир ооз сөз жүрөк жаралайт.
- Калп айтпай абийир ачылбайт, кысталбай малың чачылбайт.
- Кудай малыңды алса да, абийириңди албасын.
- Өз абийирин сактабаган, өзгө абийирин сактабайт.
- Өзүн сактай билген, абийирин барктай билет
- Өлүм — бардын малын чачат, жоктун абийирин ачат.
- Уулуң чоңойсо, абийирдүү менен айылдаш бол, кызың чоңойсо, өнөрлүү менен айылдаш бол.
- Эки доочу бир келсе — абийириңдин кеткени.
- Адал иш абийир таптырат, арам иш азабын тарттырат.