КӨЧПӨСБАЙДЫН БАЛАСЫ


Бир заманда Көчпөсбай, Көчөрбай деген эки бай болуптур. Көчөрбай ар дайым
жайлы-жайы менен жайлоого көчүп, кышты-кыштай ар кайсы кыштоого көчүп, малын багып жүрчү экен.
Көчпөсбай жайы-кышы бир жеринде олтуруп, өмүрүндө көчпөптүр. Бир жылы
жут болуп, тегерегиндеги оту түгөнгөндөн кийин, Көчпөсбай көчмөкчү болуптур.
Көчүп көнбөгөн Көчпөсбайдын аялы бир жүгүн унаага артса, бирин унутуп,
үзүгүн таңылчакка таңса кийизин унутуп, чөмүчүн салса, кашыгын унутуп жатып, күн чыккандан үйүн чечкен, күн батканда араң жыйнап бүтүшүптүр.
Ошентип, айдын жарыгы менен Көчпөсбай көчүп жөнөйт. Жолдо келе жатып
баласы: «Менин сакам журтта калган турбайбы» деди. Атасы: «Балам, чаап барып алып келе койгун» деди. Бала өзүнүн кызыл бууданын минип, журтту көздөй келе жатса, аты токтой калып балага айтты: «Эрдигиң бар эсиң жок, жаш бала, менин көргөнүмдү көрдүңбү, менин билгенимди билдиңби? Журтта жети баштуу жез кемпир отурат. Мен аттан жапыз, иттен бийик болгондо, сен амалын таап, эптеп саканы алып кач» деди.
Барса кемпир мойнун жерге салып, саканы карап шылкыйып олтуруптур.
Бала: «Энеке, сакамды алып берип коюңузчу» деди. Кемпир анткорлонуп: «Ой,
айланайын балам, өзүм араң жанмын, олтурсам тура албаймын, турсам отура
албаймын, жаш бала эмессиңби, өзүң түшө калып ала койгун» деди.
Бала кемпирдин кууланып жатканын билип: «Ээ энеке, жар боорундагы
жарганатты карачы» деди. Кемпир мойнун буруп карай салганда, бала саканы
эңип алып качып жөнөдү. Кемпир такымдап артынан кууп калды. Бала качып
отуруп, кой кайтарган абышкага жолугат. Абышка баланын качып келе жаткан жөн жайын билгенден кийин: «Мага бала болосуңбу?» дейт.
Бала: «Болоюн» деди. Ошентип, абышканын үйүнө барып олтурса бир кара ит
үч күчүктү ээрчитип жүрөт. Бала күчүктөр менен моюндашып уктап жатып түш көрөт. Түшүндө жез кемпир «сени жебесем» деп кууп жүргөн болот. Бала чочуп ойгонуп, күчүктөрүн көтөрүп жөө качып жөнөйт. Бир нече күн жол жүрүп, аябай чарчап бир жерге келип уктап калат. Күчүктөр болсо кемпирдин келе жаткан табышын бир күндүк жерден билип, баланы ойготушат. Ойгонсо күчүктөрү дөбөт болуп чоңоюп калыптыр. Ошол жерден күчүктөрүнө ат коет. Чоңун «Угар кулак», ортончусун «Көрөр көз», кичүүсүн «Жер тыңшаар» деп атайт. Аңгыча сокусун минип, сокбилегин камчыланып кемпир да келип калат. Кемпир жете бергенде бала иттерин кемпирге коё берди эле, балага жалынып «иттериңди чакырып алгың, экөөбүз жарашалык, мен сага кызымды берейин» дейт. Бала балалык кылып, кемпирди ажыратып алып, анын кызын алып туруп калат.
Бала күнүгө иттерин ээрчитип, мергенчилик кылып жүрчү экен. Бир күнү
аялы балага: «Сен өзүң эчтеке ата албайсың, иттериңдин аркасы менен аң уулап жүрөсүң, кыйын болсоң, иттерди үйгө таштап өзүң барып атып келчи» дейт. Бала: «Өзүм эле атамын» деп, тоого чыгып кетсе, баягы кемпир артынан кууп келет.
Бала «эки ача терек бол, ортосунда мен болоюн» деп мылтыгын ыргытып
жиберет. Мылтыгы эки ача терек болуп, бала теректин башына чыга качат.
Кемпир келип бир тишин сууруп алып, балта менен теректин түбүн казып кирет.
Ошол кезде бир кызыл түлкү келип: «Ой, эне, сиз чарчап калыпсыз, эс алып
туруңуз, балта, арааңызды мага бериңиз, мен кесе турайын» деди. Кемпир
сүйүнүп жарагын берип, өзү барып уктап калат. Түлкү кесимиш болуп олтуруп, жабдыгын көлгө салып, өзү качып кетет. Бир убакта кемпир туруп караса, балта, араасы жок, түлкү да жок, кемпир ачууланып дагы бир тишин сууруп балта кылып, бир тишин сууруп араа кылып, теректи чаап олтурса бир ак түлкү келип: «Ой, энеке, сиз карыган киши экенсиз, чарчап калдыңыз го, теректи мен чабайын, сиз эс ала туруңуз» деди. Кемпир: «Мени жана бир кызыл түлкү алдап, жабдыгымды сууга салып кетти, эми жабдык кылар тишим да калбай калды» деди. Анда түлкү: «Ой, энеке, сиз алжып калсаңыз керек, кызыл түлкүнүн сырын ушул убакка чейин биле элек турбайсызбы, кызыл түлкү куу болот, өзүңүз ойлонуңузчу, ак түлкү жакшыбы, кызыл түлкү жакшыбы?» деди. Кемпир: «Ак түлкү эле жакшы» деп, жабдыгын берип, дагы уктап калды. Түлкү кесимиш болуп олтуруп, жабдыгын сууга салып, өзү качып кетет.
Аңгыча асмандан бир карга учуп өттү эле, бала: «Ой карга менин иттерим бар
эле, ошолорго кабар берип койсоң» деди. Карга учуп барып үч итине кабар айтты.
Кемпирдин кызы иттерди терекке байлап койгон экен. Иттер теректи түп
тамыры менен жулуп алышып, балага жетип келишти. Ошол жерден үчөө кемпир менен алышып отуруп, көлгө түшүп кетишет. Бала болсо теректен түшүп, иттерин күтүп отурса иттери кемпирди өлтүрүп, суудан чыгышты. Бала аларды ээрчиткен бойдон үйүнө келип, аялынын кастыгын билген соң чекеге атып өлтүрөт.
«Эми жоомдон кутулдум го» деп, баягы багып алган атасына барып, бала атын
минип, үч итин ээрчитип, үйүнө кетмек болуп жолго чыгат. Айылга
жакындаганда чогулган элди көрүп, чуулдаган үндү угуп, бир койчудан: «Бул
эмнеге чогулуп жаткан эл?» деп сурады эле, анда койчу: «Ээ балам, анын эмнесин сурайсың. Мен ошол үйдүн койчусумун, чуу чыккан Көчпөсбай деген байдын үйү, өзү өмүрүндө көчүп көргөн киши эмес эле, мындан эки жыл мурун жайыты түгөнүп, тегерегинде оттой турган чөп калбай калганда, бүт өмүрүндө бир гана көчкөн болучу. Ошондо жалгыз баласынын сакасы журтта калып, «сакамды алып келемин» деп кеткен эле, ошол бойдон байдын баласы кайткан жок. Көчпөсбай ошонун ашын берип жатат» деди. Бала койчунун сөзүн угуп: «Эмесе, байга барып сүйүнчү алгын, ошол баласы менмин» деди.
Койчу тебетейин көккө ыргытып, таягын алыс ыркытып, байдын астынан
чыгып: «Сүйүнчү байым, сүйүнчү!» деди. Бай ачууланып: «Мен уулума аш берип жатсам, сен сүйүнчү дейсиң, кана айтчы, эмнеге сүйүнөм, жалгыз баламдан айрылганыма сүйүнөмбү?» деди. Анда койчу: «Байым, сүйүнчү!.. Ачууңду тыйгын, эл-журтуңду жыйгын, тойго айланткын, жалгыз уулуң кайтып келди» деди. Бай сүйүнүп, уулу менен көрүшүп, ашын тойго айландырып, жыргап жатып калган экен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4 + 20 =