Эне тилин унуткандар

Чырмалышкан иштин да чатышы бар,
Чындыктын да чыгышы, батышы бар.
Чытырмандын Кудайы пил эле эмес,
Чымындын да жашоого акысы бар.

Сайдын дагы башталган башаты бар,
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар.

“Кыргызмын” дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп.
“Кыргызмын” дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.

Кыргыз эмес, кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар.
Кыргыз эмес, кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!

Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.

Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
Жылт” эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен,
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!

Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил.
Тукумуң да, тууруң да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!

Шайлообек Д

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

двадцать − 9 =