“Кыргыз тилим минип калды араба”

Буга чейин айтты далай акындар,
Антсе дагы айта турган акым бар.
Кыргыз болуп төрөлгөндөр,
Кыргыз тилин унутууга, айтчы, кандай акың бар?

Кыргыз туруп орусчалап сүйлөгөн,
Өз баласын орусчалап тилдеген.
Кыргыз туруп кыргыз тилин сүйбөгөн,
Арабызда кыз-уландар жок бекен,
Салам менен “приветтин” айырмасын билбеген.

Казактарды карагыла, казакча го ырлары,
Өзбектерди карагыла, өзбекче ырдады.
Орусчалап бийлегин деп,
Орусчалап сүйлөгүн деп силерди ким кыйнады?
Чет тилди да үйрөнөлү,
Бирок анын с
үйлөй турган жери бар,
Ата-бабам айтып келген, ар нерсенин чеги бар.
Айткылачы, кыргыздарым,
Кыргыз тилдин башка тилден кай жеринен кеми бар?

Таза туруп баттык окшойт санаага,
Ак нерсени алмаштырдык карага.
“Ата” дешти алмаштырып “папага”,
“Эне” дешти алмаштырдык “мамага”.
Башка тилдер минип жүрсө Мерседес,
Кыргыз тилим минип калды араба.

Кыргыз дебейм, кыргыз үчүн көксөбөгөн максатты,
Кыргыз дебейм, элди бөлгөн, жерди бөлгөн аймакты.
Кыргыз дебейм, сатып жүргөн өз мекенин, там-ташты,
Кыргыз дебейм, өз тилинде сүйлөбөгөн акмакты.

Жеңишбек Жумакадыр

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

двадцать + 13 =