Эмгек – кыргызча дилбаян

Эмгекчил адамдарды жалпы коомубуз кадырлап, сыйлаары баарыбызга белгилүү. Бирок эмгекти сүйбөгөн, жалкоо адамдар коомубузда жок эмес.

Мээнеткеч – деген сөз, эмгекчил деген сөздүн синоними. Эмгекчи менен мээнеткеч, бири-бирин тоолуктап, булар изденгич, жандары тынбаган адам экендигин тастыктайт.

Мээнеткеч, эмгекчил адамдарды – акылдуу адамдар деп билебиз. Алар таман акы, мандай терлери менен өз үй-бүлөсүн гана бакпастан, мамлекетибиздин өркүндөп өсүшүнө да чоң салымдарын кошушат.

Ал эми сарамжалдуулук бул эстүүлүктүн белгиси. Бардык тапкан нерсени акчаны, буюмду өз орду менен пайдалана билет жана бир нерсени өз ордуна коюу менен пайдаланат. Мындай адамдар өз эмгегин өзу баалайт. Өз эмгегинин кадыр баркын, пайдалуулугун билген адам гана башка бирөөнүн эмгегин баалай алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

12 − 11 =