АСКЕРДЕГИ АГАЙЫМА


Кутурган Герман фашисттин,
Колуна бергин сазайын.
Аскерге кеткен агайга,
Азыраак казал жазайын.
Аскерге кеттиң аттанып,
Атактуу согуш башталып,
Келээр күнүң бар бекен,
Германды жеңип шаттанып.
Аскерге барсаң барып кел,
Армия милдет алып кел.
Фашисттин башын талкалап,
«Кызыл туу» орден алып кел.
Заардуу Герман фашистти,
Кырып бир жоюп талкалап.
Аман келсең болгону,
Аптобоз минип чалкалап.
Сагызган конот камышка,
Агайым кетти алыска.
Айламды таппай жүрөмүн,
Артыңдан бирге барышка.
Аскерден байкем келсе деп,
Күндө үч убак тилеймин.
Тилегимди берсе экен,
Аскерден байкем келсе экен.
Талабыбыз ишке ашып,
Германды Совет жеңсе экен.
Аскерге кеттиң аттанып,
Ак кагазга катталып.
Аман бир келээр бекенсиң,
Өз элиңе шаттанып.
Тору-Айгыр тоосу тегирмен,
Тегирмени темирден.
Жерине айда немести,
Жемиштүү, гүлдүү жеримден.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1 × 5 =