ТОГУЗУНЧУ МАЙ


Тогузунчу май күнү,
Фашисттерди женген күн.
Желпинтип колго туу алып,
Агалар жеңиш менен келген күн.
Кугуруп келген фашисттин,
Азабын колго берген күн.
Кайраттуу совет элдерим,
Жыргалдын гүлүн терген күн.

БААТЫРЛАРГА ЫРАХМАТ


Биринчи баатыр Ташмамат,
Көсөмдөрдөн үлгү алып,
Көздөгөн жоону жыгууга,
Жүрөгүнөн от жанып.
Анварбек биздин баатырдын,
Кандай сонун атагы,
Тяншандан чыккан баатыр деп,
Кылымда далай таң калды.
Асанов Дайыр жаш барчын,
Атканы зая кетпеген,
Алдыда жүрүп коркпостон,
Алсам деп жоону дегдеген.
Днепрдин дайрасын,
Элден мурун ал кечкен.
Автомат менен атканда,
Асылган жоону жүдөткөн.
Төрт сааттын ичинде,
Эс албастан кичине,
Уу тырмак капыр Гитлердин,
Жалынды салдың ичине.
Асанов Дайыр жаш баатыр,
Ал айткан антын актады.
Намысты алып бергенге,
Бүт элдериң шаттанды.
Тогузунчу май күнү,
СССР жоону жеңди деп,
Өлкөбүздө бүт элдин,
Эт жүрөгү элжиреп.
Согуш бүткөн күндөрдө,
Толкубай жүрөк турабы,
Ааламга бүтүн таралды,
Советтик жеңиш урааны.
Согуш бүттү дегенде,
Сүйүндүрдү жүрөктү,
Ардактуу Кызыл Армия,
Орундатты тилекти.
Мен жеңем деп салпылдап,
Япон да чыкты бир туштан,
Шаңданып шумкар чыкканда,
Туруштук бере албастан,
Ойсуз иттер кан кускан.
Москвага түштө барам деп,
Санабастан ал чыккан,
Жашасын Кызыл Армия,
Кубантып көңүл тыңгызган.
Тынчтыкта жаткан өлкөгө,
Мыкаачы Гитлер кол салды,
Аттанып жаштар чыкканда,
Акылсыз душман сандалды.
Бул кабарды укканда,
Толкубай жүрөк турабы,
Балдарым намыс алды деп,
Өлкөдө элим кубанды.
Дүйнөлүк согуш басылды,
Сүйүнүп жүрөк ачылды.
Дүрбөлөң алган Гитлердин,
Түп тамыры казылды.
Ушунун барын иштеген,
Узун болсун өмүрүң.
Кыйратып жоону талкалап,
Ачылды гүлдөй көңүлүм.

АСКЕРДЕГИ АКЕМЕ


Айланайын агатай,
Амандыгың сурайын,
Айланып кайта келүүңдү,
Артыңда тилеп турайын.
Апаңды багып артыңда,
Агатай, жардам кылайын.
Алыска барып иш кылып,
Абийриң артсын ылайым.
Кагылайын агатай,
Каралдың болуп турайын,
Кайрылып аман келүүңдү,
Кудайдан тилеп сурайын.
Калганды багып артыңда,
Каралдым, жардам кылайын.
Кан ичер менен кармашып,
Кадырың артсын ылайым.
Кагылайын агатай,
Катуу ишиңе жарайын.
Кайрылып өзүң келгенче,
Кары-жашты багайын.
Кайрылып аман келгиниң,
Казатка кеткен, агайым.
Кан ичерди талкалап,
Кыйраткын Гитлер сарайын.
Көп жыйылып баргыла,
Куралды колго алгыла.
Темир кармап койсо да,
Кыйкырып кыргын салгыла.
Жаралансаң душмандан,
Госпиталда жаткырып.
Багышат сизди доктурлар,
Жомок айтып шат кылып.
Госпиталда жатам деп,
Кат жазарсың каткырып.
Катыңды окуп үй-бүлөң,
Кубанар көңүл арттырып.

АСКЕРДЕГИ АГАМА


Айланайын агатай,
Амандыгың сурайын,
Айланып кайта келүүңдү,
Артыңда тилеп турайын.
Апаңды багып артыңда,
Агатай, жардам кылайын.
Алыска барып иш кылып,
Абийриң артсын ылайым.
Кагылайын агатай,
Каралдың болуп турайын,
Кайрылып аман келүүңдү,
Кудайдан тилеп сурайын.
Калганды багып артыңда,
Каралдым, жардам кылайын.
Кан ичер менен кармашып,
Кадырың артсын ылайым.
Кагылайын агатай,
Катуу ишиңе жарайын.
Кайрылып өзүң келгенче,
Кары-жашты багайын.
Кайрылып аман келгиниң,
Казатка кеткен, агайым.
Кан ичерди талкалап,
Кыйраткын Гитлер сарайын.
Көп жыйылып баргыла,
Куралды колго алгыла.
Темир кармап койсо да,
Кыйкырып кыргын салгыла.
Жаралансаң душмандан,
Госпиталда жаткырып.
Багышат сизди доктурлар,
Жомок айтып шат кылып.
Госпиталда жатам деп,
Кат жазарсың каткырып.
Катыңды окуп үй-бүлөң,
Кубанар көңүл арттырып.

БААТЫР БОЛ


Эрдигиңди көрсөтүп,
Аталып чыккан баатыр бол.
Качырып өзүң киргенде,
Калчылдап качсын нечен кол.
Эркиндик үчүн согушта,
Казатка колду баштагын,
Канча миң душман болсо да,
Акылыңан шашпагын.
Атакага киргенде,
Имерилип качпагын.
Астында ажал турса да,
Артыңа кадам баспагын.
Согушта өзүң жүргөндө,
Автомат болсун эрмегиң.
Каракчы фашист немиске,
Намысыңды бербегиң.
Жергелүү совет калкыңа,
Жеңмейин жоону келбегиң.

АСКЕРДЕГИ АГАЙЫМА


Кутурган Герман фашисттин,
Колуна бергин сазайын.
Аскерге кеткен агайга,
Азыраак казал жазайын.
Аскерге кеттиң аттанып,
Атактуу согуш башталып,
Келээр күнүң бар бекен,
Германды жеңип шаттанып.
Аскерге барсаң барып кел,
Армия милдет алып кел.
Фашисттин башын талкалап,
«Кызыл туу» орден алып кел.
Заардуу Герман фашистти,
Кырып бир жоюп талкалап.
Аман келсең болгону,
Аптобоз минип чалкалап.
Сагызган конот камышка,
Агайым кетти алыска.
Айламды таппай жүрөмүн,
Артыңдан бирге барышка.
Аскерден байкем келсе деп,
Күндө үч убак тилеймин.
Тилегимди берсе экен,
Аскерден байкем келсе экен.
Талабыбыз ишке ашып,
Германды Совет жеңсе экен.
Аскерге кеттиң аттанып,
Ак кагазга катталып.
Аман бир келээр бекенсиң,
Өз элиңе шаттанып.
Тору-Айгыр тоосу тегирмен,
Тегирмени темирден.
Жерине айда немести,
Жемиштүү, гүлдүү жеримден.

КЫРК БИРИНЧИ ЖЫЛЫНДА


Кырк биринчи жылында,
Башталды согуш июнда.
Эки агам жүрсө согушта,
Турмуштун шарты кыйын да.
Аттанып чыкты элинен,
Атактуу Чаткал жеринен.
Ажырап ыйлап бөлүндү,
Алганы жубай теңинен.
Кой жаят койчу колоттон,
Кармасам калем болоттон.
Картайган атам кайгыда,
Экөөбүн бирдей чоңойткон.
Карыган атам төрт балаң,
Кайгы муңда эң жаман.
Кайрылып келсең элиңе,
Кайгысы жок жалгандан.
Чаткалда болду турагым,
Чарчанып минтип турамын.
Көбүнчө мени чарчаткан,
Эки акемен убайым.
Алты жыл болду кеткенге,
Каты келбей бул жерге.
Кат кабарсыз болгондон,
Капамын жалган дүйнөдө.
Билими артык башкача,
Чоң акем кагаз жазбаса.
Чочунду жаман эт жүрөк,
Кайгы муң быйыл жазылса.
Агарган тоолор тереңден,
Ак кашка суусу беленден.
Аман келсе согуштан,
Аз арман кылбас элем мен.
Көгөргөн тоолор тереңден,
Көк кашка суусу беленден.
Көп какшатпай келсе го,
Көп арман кылбас элем мен.
Тогузунчу май күнү,
Басылган күнү уруштун.
Эки агам келер деп,
Сүйүнүштө турумун.
Кыштооң башы көбүргөн,
Кыйналып өттүм өмүрдөн.
Кыйнаган тиги Германдын,
Кызыл чок чыксын көрүнөн.