ЖОМОК, АҢГЕМЕ, ТАБЫШМАКТАР

Илгери бир хандын кызы болгон экен. Бул кыз турмушка чыгуу үчүн
хандын элин бүт жыйдырат. Хандын кызы келген элге:
— Менин бул табышмагымды ким тапса, мен ошол жигитке тиемин —
дейт. Жыйылган элдин ичинде бир молдо жигит табышмакты табууга макул
болот. Кыз табышмагын айта баштайт.
Кыз:
Молдо торгой, боз торгой
Канатында каты бар.
Кармап алып сайраткан,
Кайсы-кайсы байгамбар?
Молдо жигит:
Молдо торгой, боз торгой
Канатында каты бар.
Кармап алып сайраткан —
Ибраим байгамбар.
Кыз:
Төбөдөгү төрт жылдыз,
Баткан жери кайсы экен?
Төрт чалыяр биригип,
Жаткан жери кайсы экен?
Молдо жигит:
Төбөдөгү төрт жылдыз,
Баткан жери — кыбыла.
Төрт чалыяр биригип,
Жаткан жери — Медина.
Кыз:
Жатып калган жыгачка,
Жан киргизген ким болду?
Молдо жигит:
Жатып калган жыгачка,
Жан киргизген — кыякчы.
Кыз:
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган ким болду?
Молдо жигит:
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган — куу шайтан.
Кыз:
Чегирткени ат кылып,
Чертип минген ким болду?
Молдо жигит:
Чегирткени ат кылып,
Чертип минген — куу шайтан.
Кыз:
Көпөлөктү куш кылып,
Көндүрүп жүргөн ким болду?
Молдо жигит:
Көпөлөктү куш кылып,
Көндүрүп жүргөн — куу шайтан.
Кыз жеңилип, жигит менен турмуш курган экен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

8 + 5 =