ЖЕҢИШ КҮНҮ


9-Май 1945-жылдан бери биздин өлкөбүздө жеңиш күнү болгондуктан, анын 60 жылдык юбилейин майрамдадык. Биз кийинк и муундар китептен, кинодон, телекөрсөтүүлөрдөн улам билебиз.
Бүткүл дүйнөнү басып алуу, анын байлыктарын пайдаланууну, элдерин
кулдукка айландырууну максат койгон.
Адилетси з согушту 1941-жылы 22-июнда баштаган. Германиянын фашисттик
жетекчиси – Гитлер болгон. Ал согушту биздин мамлекеттен – СССРдин баштаган. Элибиз Ата Мекенди коргоп калуу үчүн жалпы аракеттенишкен. Он
алты жаштан алтымыш жашка чейинки эркектер согуш майданына
жөнөшүп, аялдар, балдар, окуучулар, бүткүл карылар тылда согушка керектүү курал-жарактарды, кийим, тамак-аштарды даярдап тез арада жиберип турушуптур. Ошентип жеңишти камсыз кылышыптыр.
Туруксуздук, чыдамдуулук менен жан аябастан Ата Мекенди коргогон
миллиондогон азаматтарыбыз Баатырдык наамга татып, мамлекеттин орден, медалдарына ээ болушкан. Алардын эрдиктери тарыхыбызга жазылган. Ал
дайыма баарыбызды кубандырат. Бизди патриоттуулукка, ар-намыстуулук- I
ка, өз мекенибиз, элибиз үчүн иштөөгө шыктандырат.
Бирок согуш учурунда элибиз укмуштуудай оор турмушту баштарынан өткөргөндүгүн азыр телевидениеден көрүп, угуп, асмандан самолет аркылуу бомба таштап, жерден танка жана жөө чуркашып ок атып жатып, миллиондогон адамдар кырылуу менен кан суудай
аккан. Шаар-кыштактар, завод-фабрикалар, электр станциялар, көпүрө, жолдор кыйраганын, туткунда калып душмандан мыкаачылык мамилелерди көргөндүгүн, тирүүлөй адамдардын, анын ичинде балдардын өрттөлгөнүн көрүп аябай кайгыруу сезиминде болдум.
Эч качан согуш болбосун! – деп бүткүл үнүмдүн жетишинче кыйкырсам, анын жаңырыгынан азыркы дүйнөнүн айрым мамлекеттеринде жүрүп жаткан согуштар токтоп калаар беле!? -деген ойго чөмүлүүдөмүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пять × 2 =