БАЛЫКЧЫ ЖАНА БАЛДАР


Асманда жаркылдаган күн жер-сууну жылытып калган мезгил эле. Эки
бала көлгө түшүүгө барып калышты. Көлдүн жээгиндеги чоң таштын үстүндө
эрте келип балык кармап отурган адамды көрүшүп, ага салам айтып бир топко карап турушту. Балыкчы алардан сурады: – Силер да балык кармаганы келдиңерди? -Жоок, биз сууга түшкөнү келдик. Анда түшө бергиле деди.
Ошондо бир бала сууга секирип киргенде балыкчы: – мен жакка келаткан
балыкты чочутасыңар , ары барып түшкүлө! – деп кыйкырды.
Экинчи бала жүрү ылдый жакка барып түшөбүз – деп, чуркап кетишти.
Алар көпкө чейин сууда сүзүп жүрүп, балыкчынын жанында калган
кийимдерин кийишип аны дагы карап турушту. Ал көп балык кармаптыр.
Балдарга эки кичине балыкты берди. Алар өтө кубануу менен ыракматын
айтып үйлөрүнө чуркап жөнөштү. Кетип бара жатышып экөө балыкчы жакшы киши экен ээ! Эми келгенде биз үйдөн тамак алып келсек, ага беришебиз – деп акылдашты да, ар бири өз үйлөрүнө киришти.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

9 − 8 =