КАМБАРАТАНЫН АСЫЛ КАСИЕТТЕРИ

Жылкынын акылдуу жактары абдан көп. Андайларды касиеттүү камбарата
деп коюшат.
Алсак, жылкынын кулуну кандайдыр бир себептер менен өлүп калса, энеси көзүнүн жашын көлдөтүп ыйлаганын көргөндө, мен да ыйлачумун, – дейт таенем.
Бир жолу таенемдин атасы түн ичинде жылкы кайтарганы кеткенден бир
нече убакыттан кийин, минип жүргөн аты үйгө жетип келип кишенеп, жер
чапчылаган экен. Үйдөгүлөр жылкы жайылган жакка барышса, ата үргүлөп
калган учурда капысынан жылкыларга карышкыр тийгенде, аты үрккөндүк-төн жыгылып буту, колу сынып, эси ооп калыптыр.
Анткени ата алтымыштан жогорку жаштагы адам эле. Бул учур Ата Мекендик согуш мезгили болгондуктанбардык эркектер согушка аттанышкан. Ал жылкынын сырын билгендигине байланыштуу карыса да колхоздун жылкысын багууга жиберилген. Ушул жерден эскере кетчү окуя жогорку “Акылдуу кулундар” деген аңгемемде таенем аттан жыгылганда,
ат кетпей тегеренип жүрө берген эле, а мында болсо, ата катуу жыгылып
кыймылсыз калганын, карышкырдын жылкыларды кубалап кеткенин
ат түшүнүп , кабарлаган сыяктуу, үйгө чуркап келгени таң калаарлык акылмандык!
Үрккөн жылкылардын аркасынан карышкыр жеткенде, үйүрдөгү эки айгыр бээлерин, тай-кулундарын коргоп, карышкырды тепкилешкенде, анын бир
буту сынып, каңшылаган бойдон качып жоголгонун жыгылган ата сезиптир. Байкуш жылкылар толугу менен тирүү калышкан экен.
Мындай акылман камбараталардын касиетин эске алып, аларды түрдүү
спорттук мелдештерге катышууга машыктырышат .

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

один × 1 =