АКЫЛДУУ КУЛУНДАР


Таенемдин атасы кымызды өтө жакшы көргөндүктөн, 2-3 бээни дайы-
ма байлап, кымыз жасашчу экен. Анын кулундарын желеге байлап, энелерин
башка жакка оттогонго айдашчу. Ошол учурда кулундар ачка болуп калат деп,
таенем кичине кезинде аларга боору ооруп, улам бирден жетелеп барып, откоруп турчу экен. Оттоп келген кулун тынч ордуна жатып, кезектеги кулун:
“Мени да откоз” – дегенсип, буту менен жер чапчып, кишенеп жибере турган.
Кээде кулунду желеден чечип алганча бутту тебелеп алган учурлары болуптур.
Алар ачка болгондо, таенемди карап алып, кишенечү экен. Таенем ат мингенди абдан жакшы көрчү. Аттан көп жолу жыгылган. Бирок, аттар ал ту-
руп, эс-учун жыйганча тегеренип күтүп турчу экен. Мунун баарысы таенемдин кичине кезинен эле жылкы жаныбарларга жакын болгонуна байланыштуу. Анда эмесе, достор, биз да жылкыны барктайлы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5 + восемь =