ЖАШЫНМАК


Жашынмак дагы жаш балдардын кыздардын оюну болот. Эки бөлүнүп ойнойт.
Жашынмак деген оюндун түрү мындай болот. Балдар эки бөлүнүп алып чөп
жашырышат, чөптү таап алса берки жагы жашырууга камынат. Анда жашынбаган тарап бир жерге топтолуп эки жакты карабай тура беришет. Тиги жашынуучуларэң бир байкоосуз жерлерди ойлонуп таап алып жашынат. Мисалы, жыйган отундун, чөптүн араларына далдаланып кирип калышат. Же болбосо жарды түбү, терек, тал, карагайдын бутактардын арасына чыгып барып далдаланып отуруп калышат. Же ундун ичине, чыгдандын1 ичине, тактанын алдына, жүктүн бурчуна жатып калат. Мындай жерлерден таап алууга болот. Анан эң бир кыраакы балдар аялдын кыздын киймин кийе коюп, элдин катарынан орун алып отуруп же жумуш кылып казан-аяк жакта кызмат кылган болуп жүрө берет.
Аларды өтө кыраакы балдар болуп таап албаса, жакында таап алууга болбойт.
Ошентип жашынган балдарды балдар таап алса кайра жашынтат. Эгер таап ала албай калса берки балдар атынан айтып чакырганда бир тай, бир тай деп туруп келет. Анда берки тарабы жашынат. Аларды таап алса, бир тай Деген балдар уткан болот. Эгер таап ала албаса алар дагы бир тай, бир тай деп келип эч кимиси утпаган болот. Жашынмакта байге болбойт. Кылдат жашынып таптырбай койгону гана кыйын кыраакы эстүү бала экен делип калат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4 − четыре =