ЖООЛУК ТАШТАМАЙ


Жоолук таштамай деген оюн мындай болот. Балдар канча болсо тегерете
олтурат. Ал балдардын арасынан кызбы, эркекпи жоолугун эшип алып олтурган балдардын аркасы менен кыдырата басып келе жатып, жоолугун бир баланын аркасына эч кимге билгизбей таштап кетет. Анын таштаганын билбей калса дагы айлана басып келип жоолук ташталган баланы жоолукту ала коюп сабап калат.
Ал таяк жегени качып балдарды айлана качып кайтып келип ордуна олтурат.
Анан биринчи эле жоолукту таштап кетери менен билип калса, жоолук таштап кеткен баланын аркасынан кууп жүрүп сабай берет. Ал таяк жеген бала качып олтуруп сабап жүргөн баланын ордуна келип олтурат. Эгерде сабап жүргөн бала өтө куу, шум бала болсо ал дагы кууп барган баланы колу менен, тебетей менен сабай берип жолугун бир башка баланын аркасына таштап кетет. Ал бала тигилердин кызыгына батып күлүп жатып, билбей калса кайра барып ал баланы сабайт. Балдардын баарын алаксытып күлдүрүп коюп, улам биринин аркасына таштап кетип жүрүп далайын сабайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

тринадцать − 12 =