КӨЛГӨ ТҮШМӨЙ


Көлгө түшмөй боз балдар, ушулар катарлуу кыз балдардын оюну болот. Эки
тарап болуп ойнойт. Көлгө түшмөй деген оюндун түрү мындай болот. Балдар эки жаат болуп алып чөп жашырынышат, анда чөптү таба албай калган жааты бир аркандын учун туюктап алып ошол аркандын учуна чогулуп туруп алышат. Анда чабал, кашаң, алы жок балдарды ортого коюп күчтүү, шамдагай, күлүк тың балдар арканды жыйнап алып туш, туш жагын карап турат. Анда туш тарап, туш-туштан камап кирип келип тебетей калпактары менен көлгө түшмөйдүн ичинде турган балдарды туш келген жерине аябай чаап кетишет. Анда баягы арканды жыйнап турган балдардын бир же экөөн бир жакты бет алып тигил тараптын балдарын чабам деп келе атканда кармап алуу үчүн келе атканда жыйнап алган арканын жазып жиберип катуу күч менен качырып калганда кармап токтотуп калса тиги жаатты колго түшүрөт. Эгер токтото албай калса тим тура берет. Ошентип кай бир убакта каруулу балдар арканын жазып жиберип катуу качырганда өзүнүн колго түшмөйдүн ичиндеги балдар кыйрап жыгылат.
Анда берки тарап буларды тегеректеп алып кыйла токмоктоп салышат. Ал
жыгылып жатып кармап калса беркилерди колго түшүрөт. Бирок жыгылган
тарапты буттан колдон сүйрөп будалап жүрүп, жакында карматпайт. Ошентип тигилердин бирин кармап токтотуп алмайынча көлгө түшмөйдүн ичиндеги балдар көп таяк жеп калат. Кармап калганда булар дагы тиги тарапты ошондой сабашат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

9 + 18 =