ЧИКИТ


Чикит деген оюндун түрү мындай болот. Эки бала чыгып чикит чаба турган
болсо, абал эле жерди узатасынан жырып коёт. Камчы саптай болгон бир
жыгачты таяк деп белендеп коюп, туташа ченеп бир жыгачты баягы жырган
жерге көпүрөө кылып коюп бир бала колундагы таягы менен жырган жерге
салып туруп көпүрөө болуп турган кыска жыгачты көтөрүп ийет. Ал кыска жыгач көтөрүлүп жогору чамгарактай түшкөндө катуу чабат. Таамай тийсе жыгач алыс барып түшөт. Берки жыгач чаппаган бала барып ал жыгачты баякы жыдыманды болжоп өлчөм менен ыргытат. Жыгач келип жыдыманга келип түшөт. Жыдыман менен жыгачтын ортосуна таякты салып көрүшөт. Таяк жетип калса жыгачты алып келген бала жанакыдай үйрүп туруп чабат. Жыгачтын түшкөн жеринен барып мурда чапкан бала жыдыманга болжоп ыргытат. Таякты салып өлчөп көрүшөт. Жыдыман менен чикитке таяк жетпей калса чикитти чапкан бала элеймин деп таягы менен чикитти элейт. Элегени таяктын учунурак чикит жыгачты туура кылып алып, аста, аста өйдө секиртип астынан өйдө уруп турганды айтат. Чикит деген жана чабылып жаткан кыска жыгач болот. Эми элегенде нече жолу чикитке тийсе санап туруп чикитти учунан сол колу менен ороп алып оң колу менен таякты алып катуу чабат. Баякы элегенде беш санаса беш жолу чикиттин түшкөн жеринен нары карай чабат. Ал убакта чигит менен жыдыгандын ортосу кыйла алыс болуп калат. Ошол алыс жерден берки бала чикитти алып туруп «Акбай, Токбай, Караменде, Кашка тай колдо, колдо кула тай куруп кетти Мандабай, Акылакей, Чакылакей чаар бака, темир така Баранбай бүкүр, бооруңа түкүр чабалекей чамчым, — деп оозун кымтыган бойдон жыдыманды көздөй катуу жүгүрөт. Жыдыманга чейин деген үнү басылбай келип жетсе кутулат. Эгер жетпей келе атып үнү басылып калса берки баланы көтөрүп алып кайта баштан «чамчым» деп жүгүрүп келип жыдыманган жетет. Анда дагы
үнү басылып калса. Кайра барып чикитти алган жерден жанакы сөздүн барын
айтып туруп чы-ым деп дагы жүгүрөт. Анда дагы келе атып үнү басылып калса
дагы берки бала көрүп алып чым деп келет. Үнүн баспай жыдыманга жетсе
кутулду, Эгер үнү басылып калса улам, улам кайта бара берет. Чикит абдан алыс жерге чабылып калган болсо ал балайка кылынат. Жакын жерден чым деп келсе кайта чикитин чабыша берет. Бул чикиттин алыс барып жакын барышы жанагы элегенден болот көп эленсе көп жерге чабылат, аз эленсе жакын эле жерге чым деп кутулуп калып ойной беришет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

двадцать − 14 =