САРТЧА АЛЫШУУ


Сартча алышуу деген оюнга көчүшөт. Бул сартча алышууда эки жаат болбой
эле чогу балдар арасынан эки тең баланы белине бышык кур курчап чыгарат, Ал эки бала белиндеги курдан бекем кармашып алып бири кайкалай бергенде колун кайчылап коюп которгондо кайкалаган баланы эки буту көтөргөн баланын эк ийнине артыла түшөт. Ошону менен булар токтоло калбастан чек кылып койгон он саржан жерге тынбастан шапа-шупа көз илешпей улам бирин сартча алып жүрүп олтурушат. Булар чөккө жетсе баракелде, баракелде деп чурулдап калышат. Жете албай бирин-бири түшүрүп жиберсе балдар күлүп калып түшүрүп жиберген баланы четке отургузуп коет. Бул оюнду көп ойноп машыккан бала эч бир түшүрбөй алыша беришет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2 × 1 =