Душман жакын Душман өжөр — Амалдуу! Көп самолёт, Көп танкалуу Бомбалуу… Ошондуктан — Арам колго Кыйбас шаар: Киев, Харьков, Одессалар Ызалуу! Эл ызалуу, Капалуу эмес — Ачуулуу! Эми каптаар Сел сыяктуу Кайраттуу Өз энчисин, Кайра тартып алууга, Кеменгердей Сабыр кандуу, Чыдамдуу.