Жаңы айыл, түшсөң эркиң – кимдикине,
Жаткызат кең салынган төшөгүнө.
Ошондо не бир рахат дарыясы агат,
Жайлоонун карап турсаң күндүзүнө.
Сагынган көзгө сонун, жашыл ыраң,
Энедей, эркелетип кучактаган.
Кулпунган бала чакта жулган гүлдөр
Оюңдан көп аттары унутулган.
Тиккендей калың чыккан карагайлар,
Билбейсиң арасында эмнелер бар.
Камкорсуң ойноо күндө сагыз издеп,
Жыңайлак из калтырган алтын жайлар.
Чоң өзөн суу алууга далай баргам,
Уялчаак теңим менен бакандашкам.
Энтигип, өр талаша чарчаганда
Ал жутса, эрегишип мен да жуткам.
Катуу эмес, акырын да эмес эскен желдер;
Биз кылган шоктуктарга тең шериктер.
Калпакты улак кылып чоңдорго окшоп,
Тай жокто, торпок минип эңишкен жер…
Тааныш ой, тааныш колот, тааныш кырлар
Чубуруп өтүп турган сагынычтар.
Жайлоонун баркын билип сактап алсаң,
Ташкындап төгүлбөйбү ырахаттар.
Күч кошуп, чаң баскан жаш көкүрөгүңө
Кең жайлоо өмүр улайт өмүрүңө
Элдерин куландай соо таза баккан
Өзүнчө тыптынч жаткан жарык дүйнө.
1940
ЖАЙЛОО
Датасы: 29.12.2021