БӨБӨККӨ

Эң жаш калып, эсте калбай ата-эне,
Кайнап бышып, далай кыйын кездерге.
Балбан турмуш төбө калың болсо да
Керек жерин жара тээп кирерде.
Тооруй басып тосуп чыгып жолумдан,
Бурай кармап, майыштырып оңумдан,
Жаш өмүрдө жаңы бөбөк көрөрдө
Таш боор өлүм тартып кетти колумдан.
Күндөр болду ырас, аздым, жүдөдүм
Эртесинде кайра унутуп күлгөмүн,
Бирок чиркин, бөбөк деми күч экен,
Эч мынчалык ууланбаган жүрөгүм.
Эң таза эле сүт үстүндө каймактай,
Сайрайт эле булбул кушту сайратпай.
Бирок тагдыр жеткирген жок ал күнгө
Ай, чиркин ай, өмүрүнүн кыскасы ай.
Алтын да бар, асыл да бар элдерде,
Не бир түркүн сонундар бар дүйнөдө.
Ошончолук кымбаттардын ичинен
Атасы үчүн бөбөккө тең жок эле.
Сулуу тоолор көркөм көлдөр четинде,
Көп гүлдөр бар, кызыл-жашыл түрлөрдө,
Жер аңкыган ошончо жыт ичинен
Атасы үчүн Жыпардай жыт жок эле.
Жаштык ширин, сүйүү ширин билгенге,
Андан ширин, бир боор тууган ата-эне.
Ошончолук көп шириндин ичинен
Атасы үчүн андай ширин жок эле.
Түпсүз кубат, чексиз элес болучу,
Сырга чоң сыр, ойго кеңеш болучу.
Энесиндей эссиз эмес болучу,
Атасындай кекчил эмес болучу.
Өлдү бөбөк жүргөн каны токтогон,
Бир жылт этип өчкөн чырак окшогон.
Учсуз жердин бир ууч куну кеткен жок,
Бети жок ай, жер уялбайт ошондон.
Кетти бөбөк жана гана бар болгон,
Жарык таанып жаңы гана ойгонгон.
Түпсүз көрдүн карыш бурчу кеткен жок,
Ары жок ай, көр уялбайт ошондон.
Бар болсо экен картайганда көргөнү,
Соо болсо экен жаштын жаңы жөлөгү.
Өмүр алда, эртеңкиге тобокел,
Өлбөсө экен башкалардын бөбөгү.
30 / ХI 1944
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

три × 3 =