Келишкен көркү сонун кийми таза,
Пальтосу жаңы форум кара жака.
Көзү ойноп, кызыл эрди жып-жып этет,
Орусча, кыргызчалап сүйлөп турса.
Аңгыча дагы бири кезигишет,
Токтой тур тиги дагы келсин дешет.
Ошентип мен тааныган бир топ аяш,
Бир сырдын эркек көрбөс сырын чечет.
Ошентип мен тааныган бир топ аяш,
Бир сырдын эркек көрбөс сырын чечет.
Ал эмне, бир жигиттин маселеси,
Мисалы Алыкулдун аңгемеси.
Дуу этип баары тегиз күлүп калат,
«Да, да» деп жер тепкилейт четки эмеси.
Бул дагы аз, эстүү курбум, момун досум,
Көп болсун… андай достор аман болсун.
«Ай кыздар, ал гана эмес мындайы бар»,
Деп кошот «ай оңбосун, ай оңбосун».
Ал кезде мен олтурам үйдө жалгыз,
Ойлордон ойго батып түпсүз-сансыз.
Аттиң ай, бир чоң килем соксом ээ дейм,
Бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс.
Ойлойм да ойго батып бекер турбайм,
Пушкинден, Шота абамдан акыл сурайм,
Жок дешпейт, мындай дешип айтып берет,
Кайрадан көбүн оңдойм, иргейм, ылгайм.
Ошентип кирпик менен килем согом,
Өңү өчүп оңой менен гүлү оңбогон.
Жанагы «жаман» деген «жакшылардын»,
Сөзүнүн чын, калпына күбө болгон.
2/XII 1944
Койсары
ЖАМАНДОО
Датасы: 29.12.2021