МЕНИН ЖЫЛДЫЗЫМ

Атамдын досу дешчү эс-эс билем,
Аксакал чоң абышка Касым деген.
Бир түнү койнуна ороп алып чыгып
Көрсөтүп бир жылдызды колу менен:
«Таанып ал, тээтетиги сеники уулум,
Карачы жаңылыгын, сулуулугун.
Билип жүр, сен батканда кошо батат,
Сөзү ушул бизден дагы мурункунун!»
Чоңойдум, жигиттикке күндөр жетти
Ой басты тунжураган эрте-кечти…
Эрчишип оюн-күлкү мастык менен
Эсимден анын баары чыгып кетти.
Калп эмес ушул күнгө ошол күндөн,
(Аныма кээде өзүмчө ичтен күлөм)
Көк түстүү кең асмандын барагынан
Карайм да кайда экенин таппай жүрөм.
Ах, чиркин, да бир жолу көзгө түшсө,
Эгерде ай кызганып, күн түртпөсө,
Жер шарын колтугума кысып алып,
Мейманга барар элем эк-үч күнгө.
Көрсөтүп бир тилектүү жер баласын:
Болгондо биз сыяктуу эр даанасын.
Көп турбай кайра түшүп келер элем,
Таанытып адилдиктин заманасын.
2/ХII 1944
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

16 − 16 =