УЙКУМ КЕЛЕТ…

Абаке ай, кече күнкү биз жеген эт,
Андай эт майга оролуп күндө келет.
Кандайдыр, биз билбеген күчү бар бейм?
Ыксырайм, уйкум келет… уйкум келет…
Урушпа, сага бир кеп айткым келет,
Ал этти, парыс бекен дайым жемек?..
Жаштардын кол-аягы ичке болуп,
Кыздарга кайдан бүткөн одоно бет?
Кейибе, эмнени айтып дөдүрөйт деп,
Эт жемек өнөр бекен, күндө тердеп?..
Касымкул неге жалкоо? Билесиңби?
Дале жок, ана келет, мына келет..,
Максат жок, эт жебегин, аба демек:
Мен жүрөм, күчүбүздү дайым ченеп,
Таарынба, чычалаба, ачык сөзгө –
Эмне үчүн биздин элдер борпоң делет?
Муну айтам эгер берсең, мага кезек:
Орустун көп даамына уруксат этсек,
Кара көз, чымыр дене көркүн алып,
Бир сонун гүлдөр элек… гүлдөр элек…
Кой дебейм, эмне берсең өзүңдө эрк,
Менде жок эт жебейм деп кесирленмек,
Өзүмчө бир байкаган сырымды айттым,
Негедир уйкум келет… уйкум келет…
3/ХII 1944
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

два × пять =