ШОТА РУСТАВЕЛИГЕ

Шота аба, чын достуктун эң кымбаты,
Эр үчүн, керек жерде ак кызматы.
Жөнөй бер дагы сонун жерге алпарат,
Алдагы мен берген ат-кыргыз аты.
Таарынба, белегимдин көрдүң азын,
Сынагын кандай экен ичин ачкын,
Ал белек: сага тааныш – сулуу Нестан,
Мен аны кыргызчалап кайра жаздым.
Тариэл – сен көргөндөй баа жетпес эр,
Автандил – жүзү жылуу акылман шер,
Түз талаа,.бактуу калаа, тунук суулар…
Баары бар… Тинатин кыз үн салган жер.
Баягы кара үңкүрдө күткөн Асмат,
Батмажан виного мас, күлгөн шат-шат…
Айтылды өз түрүндөй Фридон дос,
Не сулуу, айлуу түндөр күмүштөй ак…
Айбы жок жаш сүйүүнүн кайгылары,
Эң таттуу, эң бир жумшак муңу, зары,
Арфа ыры, жанды эриткен коңур үндөр,
Таарынуу, сүйүнүүлөр, баары баары…
Жок күтпөйм, алдын алып айтпа рахмат,
Өзүң көр, өзүң өлчө таразалап.
Арманым ошол сүйүү бул күнгө да,
Кайрадан жаралсачы атаганат!
Шота аба, чын достуктун эң кымбаты,
Эр үчүн керек жерде ак кызматы,
Жөнөй бер дагы сонун жерге алпарат,
Алдагы мен берген ат – кыргыз аты.
3/ХII 1944
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

семь + 9 =