ИЧКЕ СУУ

Ай күмүш суу,.ай тунук суу – Ичке суу,
Жаштык, сүйүү кумарына ичме суу.
Он бештеги кыздар таккан чачбактай,
Заманыңа жарашыгың укмуштуу.
Сен өмүрдүн кол жоолугу – гүлдүүсү,
Көктөгү айдын жасануучу күзгүсү.
Буудай, арпа ысык койнун аралап,
Аккан үнүң боз балдардын күлкүсү.
Келдим, кеттим мейман болдум беш күндүк.
Жан кыйышпас дос болуштук өмүрлүк.
Жаңы тамдуу, кашкар талдуу колхозуң
Кайда жүрсөм бир боорумдай көрүнүп.
Ишенбайлар, Адыбайлар дагылар,
Жумадилдер, барлыгы эстүү адамдар.
Жаш көчөгө биринчи тал тигишип,
Алтын жерге биринчи арык салгандар.
Силер берген кызыл кымыз, канттуу чай,
Мынча ширин, мынча балдай таттуусу ай.
Колун тартты уулангандай сары оору
Аңдып жүргөн мени кыйып салчудай.
Колхозуң бай, байлыгыңдай берекең,
Мындагы элдер башкача бир эл экен.
Пейли менен мени кайра тирилтти,
Алым куруп, чыгар кезде керектен.
Кайра барам да бир жылы өлбөсөм,
Мени оору эмес, ооруну мен көмбөсөм.
Зуулап учкан улуу заман милдетин
Калкым үчүн каным менен төлөшөм.
Ай күмүш суу, ай тунук суу – Ичке суу,
Жаштык, сүйүү кумарына ичме суу.
Он бештеги кыздар таккан чачбактай
Заманыңа жарашыгың укмуштуу.
Койсары
4/XII 1944

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

двадцать − тринадцать =