КАРКЫРА

Бала кез, көктөм убак, жазгы баар,
Асманда карк-карк этет каркыралар.
Мен анда: «Эй, замандын калыстары –
Көрсөтчү, канатыңда не жазуу бар?»
Уккандай дал үстүмдө тегеренет,
«Ал мына окуп кал»… деп белги берет,
Карасам, канатында төрт сап ыр бар,
Эсимде ал төрт сап ыр мындай делет:
«Турмушта бакыт да бар, байлык да бар,
Болушкан бирин-бири көрүүгө зар.
Мына эми биздин күндө кошулат дейт,
Сен да кел, ошол жакка биздин сапар»…
Аз, көппү, санабадым күн эсебин,
Колхоздо бир нече ирет орулду эгин;
Арадан күндөр бат-бат алмашылып,
Айланып Каркыра аттуу жерге келдим.
Көйкөлүп мелт-мелт этет жайык бети,
Көрсөтүп чоң боз үйдү берки четки.
«Туугандар бул уй кимдин үйү?» – десем,
«Колхоздун койчусунун үйү» дешти.
Кыргызда адамдык парс салам айтмак,
Четки үйгө салам айтып кирип барсак,
Төрүндө Бакыт, Байлык, койчу менен
Каткырып кымыз ичип отурушат.
Кандай март, Бакыт, Байлык кандай элпек,
Жаны өмүр койнунда экен кайда десек
«Заманың мына ушундай таанып жүр» – деп,
Асманда каркыра үнү карк-карк этет.
5 / X I I 1944
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

шесть + 12 =