СЫРТ ЖАЙЛОО

Сырт жайлоо аттуу адамга жакын жайлоо,
Жароокер кыз койнуңдай алтын жайлоо.
Бак кетпес, ырыс качпас, жыргал чанбас
Атыр жел, күмүш булак салкын жайлоо.
Жайлоонун жан жыргатар кымызы кең,
Жер-көктү теше чертчүү күчү менен,
Шуулдап сыр аякта чалкып турса,
Өзүмчө мына мындай ойго келем.
Турмушта кандай сүйсө ынак жары
Ошондой таза сүйгөн замананы.
Өмүргө кабак чытпай шаңк-шаңк күлгөн,
Жибектей кыз-жигиттин кыялдары.
Кири жок, жана да жок муңу, зары,
Даамына тамшандырган адамдарды.
Миң түрлүү өнөр менен шыңгыраган
Кадимки Муса, Атайдын авандары.
Элестеп, күңгүрөнүп оор күндөр,
Бирде ыйлап, бирде күлүп, бирде сүйлөр,
Ченемсиз кең тарыхты ичине алып,
Жаш төгүп Кара Молдо черткен күүлөр.
Зор «Манас» көлөмүнө жетпес ченем,
Чарчабай үч ай айтса түгөнбөгөн,
Кыргызда дагы толгон көп укмуштар,
Чынында баары сенин күчүң белем.
6/ХII 1944
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

19 + 14 =