ТҮП СУУСУ

Катуу келдим минген атым кара тер,
Сүрдүү кең Түп, тайыз жериң кайсы жер?
Жол көрүнбөй күүгүм кирип баратат,
Аркы өйүзүңө тез өтөйүн кечүү бер.
Тээ алыста жылт-жылт жанган көп тамдар,
Эң бир ысык касиети бар сагынтар.
Орто көчө оң жак четки ак үйдө,
Колхоз кызы Канымкүлдөй жарым бар.
Абайлагам, анын жакшы көздөрү,
Агайлаган жумшак, таттуу сөздөрү,
Жаштык күнгө такыр күнөө кыла элек,
Жаз гүлүндөй жыпар жыттуу төшөгү.
Түнгө калсам, иттери бар кабаган,
Уйку бузуп анан кантип бара алам?
Барган менен эшик ачып киргизбейт,
Мени сүйбөс жеңеси бар караган.
Жарым деймин, бирок мени кыз -сүйбөйт,
Сынбасын дейт, сүйбөстүгүн билгизбейт,
Бул кайдагы эмгек күнү жок неме,
Деп күлөт да мени өзүнө теңсинбейт.
Айыл ыраак, дагы далай жол басам,
Ал жеңеме бир кадырым салбасам.
Колхоз кызы Канымкүлдүн дарты үчүн
Колхозуна мүчө болуп албасам.
Катуу келдим минген атым кара тер,
Сүрдүү кең Түп, тайыз жериң кайсы жер
Жол көрүнбөй күүгүм кирип баратат,
Аркы өйүзүңө тез өтөйүн кечүү бер. .
7/ХII 1944
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

семнадцать − 1 =