Жаңы жылдык каалоо

Өлөкөм менин бай болсо,
Тунук асман таң болсо.
Шаркыраган шаң менен,
Ак куу, турна мол болсо.
Мылтыктын үнү угулбай,
Сай боюнда тизилип,
Каз, өрдөгү көп болсо.
Аркар кулжа, элигиң,
Аска-зоодо көп болсо.
Ашык болгон аларга,
Аңчыларың жок болсо.
Ар төрүңдүн баарында,
Жан-жаныбар ойносо.
Балыр түктө жойлогон,
Балыктарың көп болсо.
Чөп тамырын чукуган,
Доңуздарың көп болсо.
Күндөп-түндөп пайлаган,
Доңуздарды жайлаган,
Браконьерлер жок болсо.
Элиме калканч көп болсо,
Алтыныңды талатпай,
Арманың такыр жок болсо.
Ыпластык жоголуп,
Байлык, бакыт колдосо.
Кыргыз деген кымбатым,
Өнүп, өскөн эл болсо.
Тегиз тийген күнүндөй,
Улугуң калыс жан болсо.
Болсо такыр түгөнбөйт,
Ишке аша турган ой болсо.
Жолборс жылдын башында,
Айтылды ушул каалоо.
(Жумакан Калилова)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

четырнадцать − 1 =