Жаңы жыл жонундо ыр саптар

jany jyl jonundo yrlar

Балатыбыз супсулуу,
Токойдо өсүп жылтылдайт.
Оюнчуктары кызыктырат,
Кытыштырат колумду.

Орундалсын кыялдар,
Орундалсын жакшы ойлор.
Сыйкырдуу болсун жаңы жыл,
Аз калды келет ал дагы.

Тышта кар жаайт бапылдап,
Айлананы ак басты.
Терезенин жарыктары,
Жымыңдашат жылдыздай.

Тышта жатса кар дагы,
Жылуу болот негедир.
Келип калган турбайбы,
Жаңы жылым, жомогум.

Ак сакалчан эски жыл,
Кетип барат улгайып.
Ассалоуму-алейкум,
Жаңы жылым жылдыздуу.

Көп иштеди тынбастан,
Кетүү мезгил келди эми.
Рахмат сага эски жыл,
Жакшы болдун биз үчүн.

Жаңы жыл келет алыстан,
Жетип калды биз жакка.
Сонун, шайыр, таптаза.
Белек берет баарына.

Коркпо жылым жап-жаңы,
Алабыз тосуп соп-сонун.
Жылды мыкты тосууну,
Ар адам каалайт оюнда.

Куттуу болсун жаңы жыл,
Мыкты болсун жаңы жыл.
Куттуктаймын эл-журтум,
Жакшы-тилек ыр менен.

Балаты жашыл татына,
Оюнчуктар, шариктер.
Салют, жылдыз, чаналар
Момпосуйлар, белектер.
Айтып койчу бул эмне,
Кайсы майрам элимде?

Неге шашпайт жаңы жыл,
Асынып алып куржунун.
Куржунунда эмне бар,
Мага кызык негедир.

Күндүн баарын бакытка,
Толтурасың жаңы жыл.
Маанайдын баарын шаттыка,
Жык жыясын жаңы жыл.

Сезип жатам караанын,
Жакын калды жаңы жыл.
Жүрөктөрдүн баарысын,
Кубандырып эл журттун.

Белектерди күтөмүн,
Жомокторду күтөмүн.
Кош айтамын, жакшы бар,
Эски жылга жылмайып.

Күткөнүмө бул күндү,
Көп болдуго аябай.
Чыдап жүрдүм унчукпай,
Мына эми келди ал.

Рахмат сага жаңы жыл,
Кубанычка, шаттыкка.
Бириктирип сен баарын,
Адамдарды кубанттың.

Ак пахтадай ак карым,
Кулпунат го жылмайып.
Арасында ак кардын,
Аяз ата бар окшойт,
Чоң куржуну көрүнөт.
Кел жаңы жыл, келегой,
Жаркындыкты берегой.

Ишенебиз жомокко,
Сөзсүз барам конокко.
Майрам менен мен баарын,
Куттуктаймын, ырдаймын.

Айылды аппак каптады,
Жаңы жыл келет турбайбы.
Алып келип белекти,
Аяз ата берет турбайбы.

Кат жазам аяз атама,
Калкым үчүн суранам.
Кайгы-капа болбосун,
Күлкү-шаңга үй толсун.

Декабрь айы кандай кооз,
Бүт дарактар күмүштө.
Терезеде оймолор,
Жүрөктүн баары ойгоноор.

Тышта баары апапак,
Жолдун барын кар басты.
Жакындады жаңы жыл,
Ак сакал аяз атабыз.

Мен айтамын ырымды,
Аяз атага жакшылап.
Кышы бою токтобой,
Айлана акка боелсун.

Жаңы келген жылым менен,
Куттуктаймын жалпыны.
Ала келсин үмүттөрдү,
Белек-бечкек баарысын.

Аяз кызды чакырабыз,
Кар кишини жасайбыз.
Жан-жаныбар чогултабыз,
Чоң майрамды баштайбыз.

Баарыңарды куттуктайбыз,
Кирип келген жыл менен.
Чакырабыз бүт балдарды,
Балаты майрам кечине.

Балдар дагы, кыздар дагы,
Жаңы жылды сүйүшөт.
Карышкыр, коен,
Кирпи, аюу,
Болсо дагы сүйүнөт.

Аяз ата алып келди,
Белектерди толтура.
Бирок берүүгө шашылбайт,
Ыр саптарын күтөт бизден.

Айлана кандай керемет,
Жалт-жулт эткен жалындар.
Балатылар көпкөмдүү,
Жаңы жылга кооздолгон.

Аяз ата, аяз кыз,
Балдар күтөт аларды.
Жаңы жылды тосуу үчүн,
Шаңдуу маанай шат менен.

Куттуктаймын жыл менен,
Оливье салат, момпосуй.
Сыналгылар көгүлтүр,
Манту, хашан дүр-дүйүм.

Жакшы көрөм жаңы жылды,
Айтып бүткүс жаңылык.
Аман жүрөлү баарыбыз,
Жаңы бакыт төгүлүп.

Балатынын астына,
отуруп алам жалпайып.
Ошондо көрөм ким экенин,
Белектерди алып келген.

Уйку келип баратат,
Кел жаңы жыл, кел.
Тезирээк кел, жомогум,
Жаным чыгым баратат.

Мандаринден жейбиз,
Момпосуйга тоебуз.
Аяз ата белектерин беребер,
Жаңы жылда кубантып.

Безип келди жаңы жыл,
Сызып келди жаңы жыл.
Аяз ата, аяз кызды,
Ээрчите келди жаңы жыл.

Ал алып келсин баарына,
Молчулук, бакыт, ден-соолук.
Болсун дайы үй-бүлөөдө,
Тартип жана бейкуттук.

Ийгилик келсин баарыбызга,
Жаңы жылдык таң менен.
Куттуктаймын баарынарды,
Ушул келген жыл менен.

Муз үстүндө жылтылдаган кыроолор,
Терезеде оймо-чийме сүрөттөр.
Балдар чана тебишип,
Көңүл ачат жыргашып.

Кыш мезгили жыргал ай,
Алып келет шаттыкты.
Жаңы жыл келип кубантып,
Баарыбызды шыктантат.

Жолдун баарын, талааларды,
Кашааларды кар басты.
Аяз ата келсин деп,
Бизге белек берсин деп.

Аяз ата жолго чыкты,
Дайындаймын ырларымды.
Баарына каалап жакшылык,
Момпосуйду аламын.

Кандай сонун жаңы жыл,
Кубанычтуу сааттар көп.
Бүт баарысы бактылуу,
Балдар көркөм кийинип.

Баары күтөт аяз атаны,
Балдардын ал жакшы көргөнү.
Кат жазышат баары ага,
Ал жөнүндө китеп окушат.

Кыялдарды орундатат,
Аракет менен эмгек үчүн.
Балдар менен шаттанат,
Балатынын жанында.

Оюнчуктар, шарлар,
Мандариндер, шоколаддар.
Кооз лента илемин,
Балатыма мен эми.

Конокко бизге тезирээк,
Майрам келет мелмилдеп.
Шайыр-шатман ал жыргал,
Анын аты жаңы жыл.

Коңгуроолор шылдырап,
Балатыбыз жылтылдайт.
Жаңы жыл менен аяз ата,
Чүрпөлөрдү куттуктайт.

Сыйкырдуу майрам жалындары,
Күйсүн жарык, жап-жарык.
Балакайга аяз ата,
Белектерди таратсын.

Жаңы жыл келе жатат эшик ачып,
Ааламга жаңы, жаңы бакыт чачып.
Адамдардын куунак тартып көңүлдөрү,
Каалашат бири-бирине чоң, чоң бакыт.
Жаңы жыл жаңы максат өчпөс таалай,
Келе бер баарыбызга бакыт каалай.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

20 + 12 =