Жаңы жыл

Кел, Жаңы жыл күтүп жатат калкыбыз,
Жаңы жылды күтүү биздин салтыбыз.
Дагы кандай ийгиликтер келет деп,
Даярданып болушунча шартыбыз.

Ар бир үйгө барып кел,
Алыстан кабар алып кел.
Кубанычты, бакытты,
Куржунуңа эй салып
Кел, Жаңы жыл!

Бекем тутуп ынтымакты эми биз,
Берекеге толсун кутман жерибиз.
Томкорулуп сары майдай береке,
Токчулукта болсун кыргыз элибиз.

Кечикпестен ылдам кел,
Кемибеген эй жыргал бер.
Күткөндөр бүт кубансын,
Күлкү чачып, ырдап бер.
Кел, Жаңы жыл!

Ак өргөөмдүн уугундай тирелген,
Ар улут бар жаралгандай бир элден.
Ал элиме ынтымакты алып кел,
Ала-Тоомдун аскасындай ширелген.

Жакшылыктын көбүн бер,
Жаштык маанай көңүл бер.
Ооругандар болсобун,
Ден соолук бер, өмүр бер.
Кел, Жаңы жыл!
(Кемелгазы Ниязов)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

четыре × три =