Жаңы жылдагы тилек

Өткөн жылы тууган, достор көбөйдү,
Жаңы китеп бала болуп төрөлдү.
Маратымдын, Гүлсарамдын чынары,
Бутак алып, мөмө байлап көгөрдү.

Ишке ашты эки атанын тилеги,
Жакшы сокту эки эненин жүрөгү.
Бала бакыт, бала байлык кыргызда,
Барыктайлы, бапестейли, сүйөлү.

Төрт, беш алып жакшы окуду Айбегим,
Өмүрдөгү тунук, таза айнегим.
Жазган ырым, чыгып жаткан китебим –
Айбек менин өмүрдөгү бүт демим.

Күлүп турсун жакшы окуган Гүлнарам,
Чоң атасын, чоң апасын сыйлаган.
Чоң кыз болсун биздин эрке акылдуу
Көп ырымды жаттап алып ырдаган.

Нурбек болсо мен сыяктуу ыр жазсын,
Сынчы болуп далайларды сындашсын.
Же болбосо геолог болуп керилген
Жерим каткан биз билбеген сырды ачсын.

Жаңы жылда жаңы гүлдөр жайнасын,
Элим көрсүн бул турмуштун пайдасын.
Бирге жүрүп бакыт бүткөн эл менен
Эмгектенсин, эч ким артта калбасын.
(Муса Жангазиев)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

восемнадцать + 19 =