Жаңы жылды тосолу


Ким ырдабайт жаңы жылды быйылкы
Кишилердин этек жеңи жыйыңкы
Жетим балаң кырктын кырын басты деп.
Жесирлердин ак чачына сыйынчу.

Ар бир үйдө жакшы санаа достору
Балдар үчүн, бакыт үчүн тосттору.
Ар бир ата ошол кезде ойлонот,
Тынчтык күндүн солдатындай постогу

Ким ырдабайт жаңы жылды быйылкы,
Жер көтөргүс жеңишине сыйынчу.
Совет эли таш каптырат душманын,
Орундатып орошон беш жылдыкты.

Кеңешебиз кең-кесири олтуруп,
Кеңейтебиз бөксөлөрдү толтуруп,
Арт жагына даңкандарын ыргыткан,
Алды жагың арзанчылык, молчулук.

Кел жаңы жыл маздап күйгөн очогу,
Эмне ойлосок, орундайлык ошону.
Эски жылда кеткен болсо кемчилик
Кетирбөөгө жаңы жылды тосолу.
(Абдылда Белеков)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пятнадцать + 10 =