Амансыңбы жаңы жыл!

Амансыңбы, жаңы жылым, аруу бол!
Сени тостум жетимиш жол, берчи кол!
Эми он эки ай насиптешсиң биз менен
Ата-Журтка берерибиз болсун мол!

Кош бол, эми, энчилешим эски жыл!
Биз чечиштик ачуу-таттуу нечен сыр.
Арча бешик терметтирип чүрпөлүү
Абийир болдуң атпай журттан чыкпай чыр.

Нускасын эски жылдын үзбөй улап,
Айрандай аппак болсун асманыбыз.
Эриш-аркак эмгектен ырыс чубап,
Каймактай таттуу болсун тапканыбыз.
(Нинакан Жүндүбаева)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

18 − 13 =