Жаңы жыл ыры


Аткарып эл милдетин карыдың сен
Ордуңду баса турган иниң элем.
Орундайм алдыдагы максатымды –
Көтөрөм чалалыктар калса сенден.

Дегендей жылуу мүнөз кыялы бар,
Жаңы жыл келди алптык түрү менен…
тоо бузар кайраты бар эли барда,
Азамат сансыз жүктү мойнуна алса.

Калын, кол казганактап пайдаланса,
Табият канча өжөр болсо дагы,
Баш ийбей турган анда айла канча!
Мурун да жылдар өткөн эчен-эчен.

Ашуу ашып, дарыя кечип терең, терең
Далай эр максатынан ажырабай,
Адамдык кең таалайдын камын жеген.
Зуулдап бара жаткан биздин доордун
Тайманбас бир мүчөсү болом деген,

Өмүрдүн алтын күнүн бошко өткөрбөй
Эр жигит сен да кириш ишке бекем!..
(Жоомарт Жусуп)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

четыре + восемь =