ЖАҢЫ УУЛ

Эй, көңүлүм,
Кубанычтык сезесиң.
Эй, жүрөгүм,
Толкунданып кетесиң,
Толкун жүрөк,
Кубанычтуу көңүлүм,
Билем-билем,
Бир топ сырлар чечесиң.
Толкунудур
Же күрдөлдүү канымдын,
Ойлоп жүрөк,
Же кимдерди сагындың.
Жок, жок, билем,
Жүрөгүмдүн толкунун,
Ал эскерет
Жеңиштерин табымдын.
Чынчыл бол деп,
Бешигинде терметкен
Баатыр бол деп,
Сүтүн берген энекем.
Комсомолдун
Арасынан кулунуң
Мына бүгүн,
Жигит болду эр жеткен.
Комсомолдор,
Курган бир чоң иретке,
Мен өскөмүн
Ленинчилдик тилекке,
Мен тап үчүн
Күрөш менен өлөмүн,
Мылтык алып,
Баатыр өскөн билекке.
Мен өстүргөн
Жерим шаңсыз жер эмес,
Эми жаңы
Шайыры жок эл эмес,
Шаңдуу жердин,
Шайыр элдин баласы
Табым үчүн
Коркок өскөн мен эмес.
Күч көрсөт деп,
Коммунизм жолунан
Жалтанба деп,
Баатырлардан болуудан
Кызыл чекти,
Сак кайтарып келгин деп,
Билем эңе
Жөнөттүк өз колуңдан.
Сагынба эне
Мен бул жакта аманмын.
Күт, күт эне
Мен бир кезде барамын.
Ээ, энеке
Өз колуңдан жөнөткөн,
Кабарын ук
Алыстагы балаңдын.
19/Х 1933

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

восемнадцать + два =