ТАП КОРГООЧУ БОЛОБУЗ

Ойноп-ойноп мен бир кезде келчү элем.
Энекелеп ак сүтүңдү эмчү элем.
Эсиңдедир унутпасаң энеке,
Мен эр жетип, аскер болсом дечү элем.
Ээ, энеке, максатыма жеткемин.
Колдо мылтык, азыр кызыл чектемин.
Мурункудай эркелечү мүнөз жок,
Мен энеке башка болуп кеткемин.
Мүнөзүнө таң калба эне балаңдын.
Майданга ойнор, энеке өзүм балбанмын.
Жаркыратып болот кылыч тагынып,
Беш атардан ийинге асып алганмын.
Баатыр бол деп, энеке айткан сөзүңө.
Балаң кирген милдет кылып өзүнө.
Тап алдында сенин уулуң макталып,
Кызыл орден илип салган төшүнө.
Барлык ишти шайыр жашча кыламын,
Комсомолчо менин бардык сырларым.
Комсомолдон боло көр деп энеке,
Жаш кезимде маңдайымдан сыладың.
Ээ, энеке, катасы жок аныңдын.
Мына! мына мен баатыры табымдын.
Кулунум деп эркелетип сылаган,
Маңдайыма кызыл жылдыз тагындым.
Жаш кезимде ачтың эне багымды.
Кызыл чекте мен кулунуң тура алдым.
Баягы сен, жетелечү кол менен,
Гранатты жоого каршы ура алдым.
Табым үчүн сайрай билем чеченмин.
Сайроо менен турмуш сырын чечемин,
Мылтык атуу, бомба ыргытуу гана эмес,
Дирижабилди минип учуп кетемин.
Кеңеш менен мен тап коргоп жүрөмүн,
Мен баатыры бул күрөштүү күндөрдүн,
Ээ, энеке сенин уулуң комсомол,
Табына арнайт, уулуң баатыр жүрөгүн.
Комсомолдор толкун чыгат каныңдан,
Биз өткөнбүз кан аралаш жалындан.
Комсомолдор он беш жылдык тоюңду,
Куттуктаймын миллиондор наамынан.
29/IХ 1933

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

6 − 1 =