ЖҮР, ЖОЛДОШТОР

Кызыл жаштар
Тизилгиле катарга!
Патрон сал
Колдогу беш атарга!
Полк башчысы –
Жолдош улуу командир,
Кана, чакыр
Биздер жеңчү сапарга
Жүр, кызылдар,
Көрүнөлү толкундап,
Кызыл чепке
«Бүлүк салчу» актарга
Жүр, жолдоштор,
Тап коргоого барабыз;
Тизилгиле,
Тизилгиле, катарга!
Жаркылдатып –
Жанга кылыч илели,
Көккө учууга –
“Дирижаблди минели
Бомба ыргытып,
Пулемёттон ок чачып,
Ууландырчу –
Газды жара билели!
Жүр, жолдоштор,
Тиги кандуу жалынга!
Ал жалынды –
Өчүрчүү өнөр алгыла!
«Жаш агызчу»
«Чүчкүртчү» газ келет,
Коркунуч жок –
Маска бардыр жаныңда
Кызыл жаштар!
Бизде жеңиш толкуну,
Кызыл аскер
Кайратың бар каныңда.
Ок жаадырса –
Жан талашса фашисттер,
Штык менен
Жүрөгүнө малгыла!
Бул билегим –
Жумушчунун билеги,
Ук, фашисттер,
Талкан кылат силерди.
Этим чымыр
Бар майданда көнүккөн,
Бетим сүрдүү,
Жумушчунун иреңи
Менин демим –
Жаңы дүйнө абасы,
Таза кандуу
Жумушчунун илеби!
Эл шартына –
Жер шартына ылайык,
Кийимди көр,
Аскердин боз шинели!
Бул мингеним
Кайтпас күлүк аргымак.
Агер чапсам,
Соккон шамал арылдап.
Мына кылыч
Атсам маузер шайма шай,
Бет алышкан
Душман канга малынат.
Жаркыраган
Кызыл жылдыз чекемде,
Кызыл орден
Бул төшүмө тагылат.
Тизил жаштар,
Кылка-кылка кыналып,
Колубузда
Жеңиш туусу буралып,
Кызыл жаштар,
Кызыл чепке кылкылдап,
Түбөлүккө
Турсун өлкө нурданып.
Кызыл сызык
СССРди коргоого,
Кел, кызылдар,
Катар-катар туралык!

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пять × 1 =