Көп күн болду сен бул жактан кеткенге, Даңкы чыккан чоң Маскөөгө жеткенге. Жарашыктуу көркөмдүгүн Маскөөнүн Жаза келгин түбөлүккө эскерме. Сагынычтуу ой санаасын жеңерсиң, Бул жериңе кубанычтуу келерсиң. Ырларыңды көп-көп күткөн жериңе, Талыкпастан таңшып ырдап берерсиң. 6/XII 1933