…ВАГА

Кадырың кымбат мен үчүн, –
Сендейди мен таппасмын, \
Кийинки жазган катыңда
Ыраактап кеттиң деп жаздың.
Амандык барда сүйгөнүм,
Жер үстү жакын, аным чын,
Канча чакырым болсо да,
Ыраагы жок жарыктын.
Түбөлүк түнгө айланса
Жарыкта жыргап жүргөн чак,
Биз ошондо каларбыз
Сан жеткис чакырым ыраактап.
2/I 1945
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

пятнадцать − шесть =