БҮКӨН

Бүкөнтай, бучук мурун үч жашар кыз,
Бир күндө жүз жыгылып, жүз басар кыз.
Аз ыйлайт, борс-борс күлөт, көп да күлбөйт,
Кемпирден токсондогу таза сүйлөйт.
Кыргыз да… ачырканбай кымыз ичет,
Кучактап уктап калат бир жилик эт.
Ар убак абалары «ырдап кой» дейт,
Бүкөнтай көздү жумуп ырдап кирет:
«Сагындым, атакемай келсе экен – дейт,
Ал жеңип, тилегимди берсе экен» – дейт.
Карылар муну укканда жым болушат,
Көзүнөн жаш чуурутушуп бурчак-бурчак.
Анткени – үч жыл болду кабар келген,
«Палан күн… палан жерде өлдү»… деген
Эл үчүн каза таап жоо огунан,
Бүкөндүн атакеси кайтпай калган.
Бирок да бардык айыл жакшы көрөт,
Бүкөндүн – эркелетчү атасы кеп.
31/XII 1944
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1 + два =