Жеңекем таш -күзгүдөн жүзүн карайт,
Кулпурган кундуз чачын кайра тарайт,
Суйкайып, күлүмсүрөп кашын серпип,
Түлкүдөй көлөкөсүн тамашалайт.
Көңүлү жай, эч жеринде кемтик жоктой,
Ичинде, менден сулуу ким деген ой.
Лыпылдап ары кетет, кайра келет,
Тик така, жибек көйнөк, орточо бой.
Коюлап жука жаккан кызылдарын
Таратып, көз астында упа тагын,
Ошентип, боёк айбын тегиз көрдү,
Көргөн жок, бирок бетте бырыштарын.
Себеби: адам өзүн өзү алдайт,
Андыктан карылыгын мойнуна албайт.
Жер тозот, тулпар карыйт, учкул талыйт,
Бирок да аял көңлү эч картайбайт.
Сулуулар капа болор мындай дешке,
Айтайын ак сөзүмдү мен да &изге,
Чынында, биз да андайдан алыс эмес,
Ар дайым эркек кургур он сегизде.
29/XII 1944
Койсары
КҮЗГҮГӨ КАРАНГАН ЖЕҢЕМЕ
Датасы: 29.12.2021