ПОКРЫШКИНГЕ

Биз кимбиз? Сен мага ага, мен сага – ини,
Баарыбыз, доорубуздун жаш жигити;
Андыктан: орус уулу болуу менен –
Жанада кыргыздын да Покрышкини!
Эл көрдү, өрт үстүндө канат кактың,
Лаачындай кайкып учуп өтүп жаттың,
Фашисттин жылдыздарын түшүрө тээп,
Гүлдөтүп, көктө эркиндик салтанатын!
Сүттөн нак, ажалдан курч, сенин эркиң,
Үч эмес жүз мертебе баатыр дешсин!
Бир гана, биздин гана өлкөдө эмес!
Баатыры биздин жалпы планеттин !
Адамсың көп кары эмес, өмүр – жашың,
Бирок да, сен биздерден башкачасың.
Анткени – уйкуң жерде болгон менен,
Асманда сенин ичер тамак-ашың.
Бул дагы аз, жерден, көктөн жоону жеңмек,
Адамды акылдан да бийлөө керек!
Андыктан: Гёте, Гейне, Шиллер менен
Сага окшоп, бетме-бетке чыккым келет!
Сүттөн нак, ажалдан курч, сенин эркиң,
Үч эмес, жүз мертебе баатыр дешсин!
Бир гана, биздин гана, өлкөдө эмес,
Баатыры – биздин жалпы планеттин!
27/XII 1944

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5 × три =