ТАБЫЯТ МЕНЕН МУЗЫКА

Өмүр кең, солор гүлдөр… өчөр, жанар,
Бат карып, бат эскирип, бат жаңырар,
Эмесе: бул дүйнөгө туулуу менен
Кайрадан, ар адамдын өлмөйү бар.
Өлүм ак, пейли сараң, көңүлү тар,
Күчү жок, бирок мени коркута алар!
Себеби: мен өлгөндө ордум басат,
Менден соо, менден жакшы, акылдуулар!
Кубанам, туулуп-өскөн заманыма,
Барабар бир сагаты, бир кылымга!
Урабас менин дагы кирпичим бар,
Көз жеткис анын чымыр катарында.
Курбума, ини-агама рахмат айтам,
Биз чын эр, бул турмушка жашап-кайткан,
Кан төккөн зор майдандын жыйынтыгы
Мынакей түбөлүккө улуу майрам.
Бул бүтсүн, айтар сөзүм төмөнкүдөй,
Анчалык орчундуу эмес, жөпжөнөкөй:
Кантейин жазмыш күчү руксат бербейт,
Заманга иштер элем далайга өлбөй.
Ах, чиркин биздин күндөр кандай таттуу,
Бүгүндөн, эртеңкиси рахаттуу!
Табият жана анын музыкасы,
Күн санап, кандай сулуу, кандай шаттуу!
Ах, дүйнө, биздин күндөр кандай таттуу,
Бүгүндөн эртеңибиз рахаттуу!
Ушундай сонун күндө өлгөндөргө
Байкачы, кандай гана аянычтуу!..
27/XII 1944

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

19 − 5 =