НЕГЕ КЕЧИГЕТ

(1942-жылдын жазына)
Эсимде… Бир жолу эмес, нечен ирет
Бул айда тоо боорунан гүл терчү элек.
А быйыл… күн жылыбайт, жер тегиз кар,
Шумдук ай, неге мынча жаз кечигет?
Алда эмне? Алмаштырыл сан кылымды,
Өзгөрбөй келе берип ар бир жылы,
Же биздин каршы келип бактыбызга,
Алсырап, жол жүрө албай чарчадыбы?
Анда эмне?.. Жашообуздун негизгиси,
Келатып бир кырсыкка кезиктиби?
Болбосо, үйү алдында гүлдөрү аз деп,
Же бизге таарынуунун белгисиби?
Эл жүдөп, жан жаныбар арыктады,
Сулуу жаз, бул кандайча сагынтканы?
Болбосо, ак иреңи сары болуп,
Байкоосуз катуу ооруга чалдыкканбы?
Жок жаным, чарчабаган, таарынбаган…
Жогорку үч себеп тең бирдей жалган.
Эмесе кечигүүнүн чын себеби:
Немецтин уулуу огунан жараланган.
Күн нурлуу кайгы билбейт, күлүп чыгат,
Бир күндө биздин колдон жаз айыгат,
Андан соң жарасы үчүн кек алмай бар,
Күнөкөр, алда кандай айла табат?
28/ХII 1944
Койсары

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

двадцать + восемнадцать =